Иран менен Кыргызстандын соода алакасы 66 млн долларга жетти

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы соода алмашуу былтыркы жылдын көрсөткүчү менен 66 млн долларга жетти. Бул 2019-жылкы көрсөткүчтөн эки эсе көп. Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин орун басары Назар Малаев Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 10-июндагы жыйынында билдирди.

Малаевдин маалыматында, Кыргызстан Иранга былтыр 25 млн долларлык товар экспорттогон. Анын ичинде жер-жемиштер, төө буурчак жана мал-жандыктар бар.

Депутат Кубанычбек Самаков Ирандан импорттолуп келген товарлар Кыргызстандын өзүндө да өндүрүлөрүн белгилеп, эки өлкө ортосундагы соода төлөмдөрүн азайтуудан жергиликтүү базарды импорттук товарга толтуруу менен ишкерлерди банкротко учуратуу коркунучу турганын эскертти.

Ирандын мал-жандыкты тирүүлөй алып кеткени жергиликтүү базарда эттин баасынын кымбатташына алып келгенин белгиледи.

Самаковдун сөзүн депутат Лейла Лурова да кубаттап, мыйзам долбоорун "чийки" деп сындады.

Мыйзам долбоорун жакшылап иштеп чыгуу сунушун депутаттар Эльдар Сулайманов, Чыңгыз Айдарбеков жана башка да айрым депутаттар билдирип, долбоорду күн тартибинен алууну сунуштады. Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорун толуктап, иштөө сунушу менен аны күн тартибинен алып турууну чечишти.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети 10-июнда ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен Ирандын ортосундагы Эркин соода жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорун экинчи окууда карады.

ЕАЭБ 2010-жылы Беларус, Казакстан жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылы бул уюмга Армения менен Кыргызстан кошулган.(ZKo)

Дагы караңыз

Милиционер “Тазалыктын” кызматкерин сүзүп кеткен деген шек менен кармалды12 жылдык окууга бала бакчадагы даярдоо да кире турганы айтылдыИюнь коогасына 14 жыл: саясий баа, сот иштери ISW: Орусия өзүн Украинанын соккуларынан коопсуз сезген аймагы 16% гана кыскарды