УКМК “Бишкек нефть компаниясынын” ээси кармалганын билдирди

Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кримтөбөл Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобун каржылап турган деген шек менен “Бишкек нефть компаниясы” май куюучу станциялар тармагынын негиздөөчүсү жана ээси (Н.А.М.) кармалганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, тергөөдө ал ишкерлик кылуу үчүн Камчы Көлбаевден колдоо алуу максатында аны менен байланыш түзгөнү аныкталган. Кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

“Бишкек нефть компаниясы”, анын негиздөөчүсүнүн жакындары менен адвокаттары комментарий бере элек.

“Кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) 2023-жылы 4-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) атайын операциясында өлтүрүлгөн.

Бул окуядан кийин Кыргызстанда аны менен байланышы бар жана анын уюшкан кылмыштуу тобун каржылап турган деген айып менен бир катар ишкерлер кармалып, айрымдарына издөө жарыяланган. Кээ бирлери мамлекетке каражат төгүп эркиндикке чыкты. (BTo)

Дагы караңыз

Ата-энеси өлүп, кароосуз калган үч баланы Кыргызстанга өткөрүү иштери жүрүп жататМосквада кыргызстандык айдоочуга козголгон иш токтотулдуКемероводо трамвай кагышуусунан 140тан көп киши жабыркады11 журналистин иши Ленин райондук сотунда карала баштадыАКШ "чет элдик агент" мыйзамын кабыл алууга тиешеси бар грузин бийлик өкүлдөрүнө санкция салдыМаксат Мамытканов Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси болдуАдахан Мадумаровдун иши боюнча сот 10-июнга жылдырылды