Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:14

Максат Мамытканов Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси болду


Максат Мамытканов.
Максат Мамытканов.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмоналиевди кызматтан бошотуп, ордуна Максат Мамыткановду дайындады.

Кайрат Осмоналиев бул кызматка 2021-жылы дайындалган.

52 жаштагы Максат Мамытканов 2007-жылга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) эмгектенген. Бир учурда атайын кызматтын экономикалык чалгын башкармалыгында жетекчилик кызматта иштегени жөнүндө маалымат бар.

Кийин ал жергиликтүү маалымат каражаттарында экономика, коопсуздук жана саясат багытында эксперттик пикирлерин байма-бай айтып, көбүнесе бийликти сындап келген.

2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган Жогорку Кеңешке шайлоодо “Чоң Казат” партиясы менен катышкан. 2020-жылы Октябрь окуясынан кийин вице-премьер-министр болгон. 2021-жылы Кыргызстандын атынан Евразия экономикалык комиссиясына (ЕЭК) министр болуп дайындалган. (BTo)

XS
SM
MD
LG