Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:31

11 журналистин иши Ленин райондук сотунда карала баштады


Азамат Ишенбеков менен Актилек Капаров Ленин райондук сотуна алынып келаткан учур. 7-июнь, 2024-жыл.
Азамат Ишенбеков менен Актилек Капаров Ленин райондук сотуна алынып келаткан учур. 7-июнь, 2024-жыл.

Кыргызстанда быйыл январь айында кармалган 11 журналистин иши боюнча сот жараяны 7-июнда Бишкектин Ленин райондук сотунда башталды. Алардын адвокаттары “Азаттыкка” билдиргендей, отурумда кылмыш ишин кыскартуу, шектүүлөрдүн бөгөт чарасын өзгөртүү, далилдерди алдыртуу жана четтетүү тууралуу маселелер каралат. Сотко судья Кылычбек Истамкулов төрагалык кылууда. Отурум жабык өтүп жатат.

“Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча Медиа” жана “ПолитКлиника” басылмасында иштеген, иликтөө менен алектенген 11 журналисттин үйүндө быйыл 16-январда таң эрте милиция тинтүү жүргүзүп, кармап кеткен. Эртеси Биринчи май райондук сотунун чечими менен баары камакка алынган. Кийин жети киши ар кандай себептер менен эркиндикке чыккан.

Ушул тапта тергөө абагында төрт журналист: “Temirov Live” жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбеков, “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров жана “Temirov Live” редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекеева камакта жатат.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген. Журналисттер айыптоону четке кагып, бул алардын кесиптик ишмердигине байланыштуу экенин айтып келишет.

Иш башта Бишкектин Биринчи май райондук сотуна берилген. 10-майда иш Ленин райондук сотуна жиберилген. Адвокаттар ага макул болбой, апелляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылышкан. 28-майда Бишкек шаардык соту арызды карай баштап, бирок прокурордун “токтом даттанууга жатпайт” деген өтүнүчүнүн негизинде кийинкиге калтырган.

Журналисттер коюлган айыпты четке кагышкан. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда. (SE)

XS
SM
MD
LG