Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:31

Москвада кыргызстандык айдоочуга козголгон иш токтотулду


Москвада Украинадагы согуштун катышуучуларын түшүрүп салган кыргызстандык айдоочуга карата козголгон иш кылмыш курамынын жоктугуна байланыштуу токтотулду. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги маалымдады.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, бул ишке байланыштуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги тарабынан кылмыш иши козголгон жаранга толук консулдук-укуктук жардам көрсөтүлгөн.

Мындан тышкары элчилик Орусиянын Тышкы иштер министрлигине расмий нота жиберип, кыргызстандык жаранга карата козголгон кылмыш ишин объективдүү жана ар тараптуу кароону өтүнгөн.

Апта башында Орусиянын Тергөө комитети Москвада Украинадагы согушка катышкан үч кишини машинасынан түшүрүп салган таксинин айдоочусуна каршы иш козгогону, айдоочу жек көрүүнү, кастыкты козутуу, адамдын ар-намысын кемсинтүү үчүн айыпталганы кабарланган. Бийликчил Regnum агенттиги анын айдоочулук күбөлүгү менен кошо маегин жарыялаган. Айдоочу - Кыргызстандын жараны экени ачыкталган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG