Аба ырайы: Айрым аймактарда жаан жаайт

8-июнда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде күн күркүрөп, өткүн өтүп, бийик тоолуу райондордо карга айланат.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 28…33;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15…20, күндүз 28…33;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 20…25;

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25 градус жылыйт.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метр. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19°, күндүз 33…35° ысыйт.

Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14°, күндүз 22…24° жылуу болот.

Дагы караңыз

Максат Мамытканов Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси болдуТүнкү клубдун күзөтчүсү менен официанты баңгизат сатууга шектелип кармалдыӨзбекстанда “Алга, Каракалпакстан” экстремисттик уюмдардын катарына кошулду