Ошто дагы бир мончодон өрт чыкты

Ош шаарынын Касымбеков көчөсүндө жайгашкан мончодон чыккан өрт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 5-июнда Ош шаарынын Касымбеков көчөсүндө жайгашкан дагы бир мончодон өрт чыкканын кабарлады. Тилсиз жоону өчүрүүгө бир бөлүм тартылган. Жабыркагандар жок.

Ушул эле күнү Ош шаарынын Көкүм бий көчөсүндө жайгашкан жеке менчик “Байкөл” мончосунун суу казаны жарылып (котел) өрт чыккан. Андан жети адам жабыркап “Тез жардам” менен ооруканага жеткирилген.

Мончодон чыккан өрттү өчүрүүгө бир бөлүм тартылган.

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда былтыр баш-аягы 3 497 өрт кырсыгы катталып, андан 35 адам каза болгон. 31 киши жаракат алган. Тилсиз жоо 1 млрд 410 млн 377 миң сом материалдык зыян алып келген. (BTo)

Дагы караңыз

Айдарова “Бүтүн Кыргызстандын” аны фракциядан чыгаруу чечимине комментарий бердиДепутат Арсланбек Малиев Бишкекке метро курууну сунуштадыБишкектин мурдагы вице-мэри Сазыкулов тилкат менен эркиндикке чыктыKazakhmys УКМК издөө жарыялаган Жуманбаев боюнча комментарий бердиКол салууга кабылган Словакиянын премьери кызматына кайтып келерин айтты5-июнь: Парламент жактырган Асаналиев, Сузакта кармалган кыздар, космосто миң күн өткөргөн Кононенко