Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:54

Депутат Арсланбек Малиев Бишкекке метро курууну сунуштады


Арсланбек Малиев.
Арсланбек Малиев.

Жогорку Кеңештин депутаты Арсланбек Малиев Бишкек шаарында жол тыгындарын чечүү үчүн борборго метро куруу керек экенин билдирди. Бул тууралуу ал парламенттин 6-июндагы жыйынында сүйлөгөн сөзүндө айтты.

“Орусия, Кытай же башка өлкөлөр менен дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүш керек. Метрону салгандан кийин 20-30-жыл колдоносуңар деп берип койсо болот. Министрлер кабинети ушундай келишимдерди караса”, - деди ал.

Бишкек – Кыргызстандын баш калаасы жана өлкөнүн саясий, экономикалык, илимий, маданий борбору. Калаада Ленин, Октябрь, Биринчи Май жана Свердлов деп аталган төрт район бар.

Борбордо мамлекеттик бийликтин жогорку органдары, чет өлкөлүк мамлекеттердин элчиликтери жайгашкан. Кыргызстандын бардык өнөр жайынын көпчүлүк бөлүгү орун алган. 1 миллиондон ашык калк жашайт.

Акыркы жылдары Бишкекте жол тыгын негизги көйгөйлөрдүн бирине айланды. Адамдар эртели-кеч сааттап жол тыгынында калганын айтып арызданышууда. (BTo)

XS
SM
MD
LG