Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:54

Кол салууга кабылган Словакиянын премьери кызматына кайтып келерин айтты


Роберт Фицо.
Роберт Фицо.

15-майда кол салууга кабылган Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо июндун аягы же июль айынын башында кызматына кайтып келип ишмердигин уланта турганын билдирди. Бул тууралуу ал 5-июнда жасаган видео кайрылуусун Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

Роберт Фицо аны аткан Юрай Цинтулага кек сакбай турганын, сотко берип кенемте төлөтүү ниети да жок экенин кошумчалады. Ал бул бир адамдын гана иши эмес экенин, коопсуздук кызматы ага буга чейин эле оппозиция кол салууну уюштуруп жатканы тууралуу маалымат бергенин айтты.

Борбордук Европадагы калкы 5,4 миллион кишилик Словакиянын премьер-министри, 59 жаштагы Фицого кол салуу 15-майда өлкөнүн борбордук бөлүгүндө жайгашкан Гандлова шаарында, ал өкмөттүн көчмө жыйынын өткөргөндөн кийин көчөгө чыгып, жол боюнда турган адамдар менен учурашканы барган учурда болгон.

Роберт Фицого төрт жолу ок атылган. Кол салуу жакын арадан жасалгандыктан Фицонун жансакчылары аны октон сактап калууга үлгүргөн эмес. Колунан жана курсагынан жаракат алган өкмөт башчыны тик учак менен жакынкы Банска-Бистрица шаарына жеткирип, дароо операция жасашкан.

Бул Европада саясий лидер кабылган 20 жылдан берки алгачкы кол салуу болду.

Кылмышка шек саналып ошол эле жерден Левице шаарынын 71 жаштагы тургуну Юрай Цинтула кармалган. Жергиликтүү басылмалар ал ыр жазган, түрдүү идеологияны карманган ар кыл саясий уюмдар менен байланышы бар киши экенин жазышкан. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG