Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:58

5-июнь: Парламент жактырган Асаналиев, Сузакта кармалган кыздар, космосто миң күн өткөргөн Кононенко


Максат Асаналиев
Максат Асаналиев

5-июнда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Жогорку Кеңеш Максат Асаналиевди башкы прокурор кызматына колдоду

Максат Асаналиев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып прокуратура системасында коррупциялык иштерге аралашкан адамдар барлыгын, аларды кызматтан алуу зарыл экенин айтты. 46 жаштагы Асаналиев Ысык-Көл облусунун Тоң районунда туулган. Буга чейин УКМКда, Башкы прокуратурада тергөөчү болуп иштеген. 2022-жылы Ош облусунун прокурору болуп дайындалган. Мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев өз арызы менен кызматтан кетти.

Сузакта тууну өрттөгөн деген шек менен эки кыз кармалды

УКМК Жалал-Абад облусунун Сузак районунда телефон байланышынын мамысына жана эки мектептин имаратындагы желекти өрттөп, ордуна арабча жазуусу бар ак матаны илип кеткен деп шек саналгандар менен анын уюштуруучулары кармалганын билдирди. Атайын кызматтын маалыматы боюнча 30-майга караган түнү Сузактын Бек-Абад айылында желекти өрттөгөн деген шек менен 16 жана 19 жаштагы кыздар кармалды. Бул иш боюнча алты киши камалганы кабарланды. Шектүүлөр 30-майга караган түнү Сузак районундагы №4 Шамшиев атындагы жана №88 Атабеков атындагы орто мектептердин, ошондой эле телефон байланышынын мамысындагы мамлекеттик желектерди өрттөп, ордуна араб жазуусу бар ак матаны илип кетишкен.

Ошто мончодогу кырсыктан жети адам жаракат алды

Ош шаарынын Көкүм бий көчөсүндө жайгашкан жеке менчик “Байкөл” мончосунун суу казаны жарылып, өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирип, андан жети адам жабыркап “Тез жардам” менен ооруканага жеткирилгенин кабарлады. Мончодон чыккан өрттү өчүрүүгө бир бөлүм тартылган. Кырсыктын себеби жана жаракат алгандардын абалы кандай экени айтыла элек.

Айдарова “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынан чыгарылды

“Бүтүн Кыргызстан” фракциянын лидери Исхак Масалиев Айгүл Айдарова эмгек тартибин бузганы үчүн жана анын пикири фракциянын саясатына дал келбегендиктен фракциядан чыгарылганын айтты. Айгүл Айдарова 2022-жылы январь айында диплом чырынан улам мандатынан ажыраган Орозайым Нарматованын ордуна келген. “Бүтүн Кыргызстан” фракциясы Жогорку Кеңеште өзүн оппозициялык фракция деп жарыялаган. Жалпы алты квотасы бар.

Украинада кош жарандыгы бар эркектерди өлкөдөн чыгарбай калышты

Украинада мобилизация туралуу мыйзамдын алкагында кош жарандыгы же башка өлкөдө убактылуу жашоо укугу бар, армияда кызмат өтөө курагындагы эркектерди чет жакка чыгарбай калышты. Жаңы эрежеге АКШнын Киевдеги элчилиги реакциясын билдирип, кош жарандыгы бар украиналыктар үчүн маалымат жарыялады. Элчилик эскерткендей, АКШ жана Украина жарандыгы бар 18-60 жаштагы эркек кишилер, арасында Комшо Штаттарда жашагандар да мындан ары Украинадан чыга албайт. Украинанын башкы прокурору Андрей Костиндин билдиргени боюнча, Москва 2022-жылдын февралында кол салгандан бери орусиялык аскерлер кеминде 61 украиналык согуш туткунун өлтүрдү.

“Талибан” ондогон кишиге эл алдында балак урду

“Талибан” кыймылы “адеп-ахлакка жатпаган мамилелерге кириптер болгон” деп айыпталган ондогон кишиге Ооганстандын түндүгүндөгү спорт стадионунда эл алдында балак урду. Талибдердин жогорку соту маалымдагандай, Сар-и Пол чөлкөмүндө 63 киши, арасында 15 аял жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн алдында жазаланды. Сот жазага тартылгандар уурулук жана “адеп-ахлак” кылмыштарына – ала жипти аттоо, кумсалыкка айыпталганын билдирди. 2022-жылдын ноябрында “Талибандын” руханий лидери Хайбатулла Ахундзада шарият сотуна кайтуу буйругун бергенден бери эл алдында жазалоо жайылды.

Вильнюс соту тажик оппозиционерин бошотуу чечимин чыгарды

Вильнюс шаарынын соту тажикстандык оппозициячыл активист Сулаймон Давлатовду бошотуу чечимин чыгарды. Буга чейин Литванын Миграция департаменти аны дагы үч ай камакта калтырууну сураган. Тажикстан жаранын быйыл 5-апрелде кармашкан. Литванын Мамлекеттик коопсуздук департаменти анын "террордук уюмдардын мүчөлөрү жана жактоочулары менен байланыштары бар" болгондуктан улуттук коопсуздукка коркунуч жаратат деп билдирген. "Бомдод" сайты жазгандай, Давлатовго Палестинаны колдоо акциясына катышкан деп кине тагышкан. Ал өзү "Озоди" радиосуна жолдогон видео кайрылуусунда Литва бийлигинин айыптоолорун негизсиз деп эсептей турганын айтты. 40 жаштагы Давлатов 2015-жылы Тажикстандан качып кеткен.

Казакстан Киев уюштурган саммитке катышар-катышпасын чече элек

Коңшу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги өлкөнүн Украина боюнча Тынчтык конференцияга катышуусу эл аралык иш-чаралардын жадыбалында экенин жана бул маселе боюнча расмий позициясына жараша караларын билдирди. Бул тууралуу мекеме «Азаттыктын» казак редакциясына берген жообунда айткан. Министрлик Казакстан эзелтен бери Украина менен да, Орусия менен да саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык мамилелерди ырааттуу куруп келгенин белгиледи. Тынчтык саммити 15-16-июнь күндөрү Швейцарияда өтмөкчү.

Орусиялык Олег Кононенко космосто миң күн өткөргөн дүйнөдөгү алгачкы космонавт болуп калды

“Роскосмос” агенттиги шаршембиде билдиргендей 59 жаштагы учкуч космосто былтыркы 15-сентябрдан бери жүрөт. Бул анын Эл аралык космос станциясына 5-экспедициясы. “Роскосмос” Кононенко сентябрда жерге кайтып келгенде космосто жалпысынан 1110 сутка өткөргөн болорун кошумчалады. Космосто өткөргөн убакыт жагынан Кононенкодон кийинки сапта дагы бир орусиялык космонавт Геннадий Падалка турат. Ондукта бир аял - америкалык Пегги Уитсон бар. Москва Украинага кол салгандан бери АКШ менен Орусия ортосундагы кызматташтык көп чөйрөдө үзгүлтүккө учураган. Эл аралык космос станциясы тараптар кызматташууну уланткан сейрек тармактардын бири.

“Роскосмос” декабрда станцияга астронавттарды ташуу боюнча НАСА менен программасы 2025-жылга чейин узартылганын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG