Айдарова “Бүтүн Кыргызстандын” аны фракциядан чыгаруу чечимине комментарий берди

Айгүл Айдарова.

Жогорку Кеңештин депутаты Айгүл Айдарова аны фракциядан чыгаруу боюнча “Бүтүн Кыргызстандын” чечими боюнча комментарий берди.

Ал бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына пост жазып, мандат алгандан бери фракция төрт гана жолу жыйынга чогулганын жана анын баарына катышканын билдирди.

“Бүтүн Кыргызстан” аны “жыйындарга катышпайт жана пикири фракциянын жалпы саясатына дал келбейт” деген негиз менен 30-майда фракциядан чыгарган. Айгүл Айдарова муну менен эркин депутат болуп иштей берет.

Ал 2022-жылы январь айында диплом чырынан улам мандатынан ажыраган Орозайым Нарматованын ордуна келген.

“Бүтүн Кыргызстан” фракциясы Жогорку Кеңеште өзүн оппозициялык фракция деп жарыялаган. Жалпы алты квотасы бар. Соттун өкүмүнөн кийин Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) мандатынан ажыраткан Адахан Мадумаровдун ордуна башка талапкерге мандат бериле элек.

Ушул тапта парламентте “Бүтүн Кыргызстандын” төрт мүчөсү – Исхак Масалиев, Эмил Токтошев, Гуля Кожокулова жана Алишер Эрбаев калды. (BTo)

Дагы караңыз

Депутат Арсланбек Малиев Бишкекке метро курууну сунуштадыБишкектин мурдагы вице-мэри Сазыкулов тилкат менен эркиндикке чыктыKazakhmys УКМК издөө жарыялаган Жуманбаев боюнча комментарий бердиКол салууга кабылган Словакиянын премьери кызматына кайтып келерин айтты5-июнь: Парламент жактырган Асаналиев, Сузакта кармалган кыздар, космосто миң күн өткөргөн Кононенко