ЖК комитети башкы прокурор кызматына Асаналиевдин талапкерлигин жактырды

Максат Асаналиев жана Садыр Жапаров.

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети 5-июндагы кезексиз жыйынында Максат Асаналиевди башкы прокурордун кызмат ордуна жактырды. Анын талапкерлигин президент Садыр Жапаров сунуштаган.

46 жаштагы Максат Асаналиев Ысык-Көл облусунун Тоң районунда туулган. 2022-жылы Ош облусунун прокурору болуп дайындалган. Ага чейин Бишкектин Биринчи Май районунун прокурору болуп иштеген.

Жогорку Кеңеш 5-июндагы отумурунда башкы прокурор Курманкул Зулушевдин отставкасын колдоду. Ал башкы прокурор кызматынан өз каалоосу менен кетүү тууралуу президент Садыр Жапаровго арыз жазганы 3-июнда белгилүү болгон.

54 жаштагы Зулушев 2000-жылдан бери прокуратура тармагында иштеп, 2007-2013-жылдары Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун судьясы, 2013-2015-жылдары Бишкек шаардык сотунун судьясы болуп эмгектенген.

2015-2020-жылдары Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болгон. Ал 2020-жылы Октябрь окуясынан кийин 21-октябрда башкы прокурор болуп дайындалган. (BTo)

Дагы караңыз

Кыргызстанда Аталар күнүн белгилөө сунушталуудаПрезидент башкы прокурор кызматына Максат Асаналиевди сунуштадыПарламент Курманкул Зулушевдин кызматтан кетүү арызын колдодуУлуттук банк валюта базарынан дагы 16 миллион 900 миң доллар сатып алдыСузакта тууну өрттөп, ак мата илип кеткен окуя боюнча алты киши кармалды4-июнь: Канибадамда эки үй-бүлөнүн алты мүчөсү киши колдуу болду, Орусия Навальныйды эскерүүдө