Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:01

4-июнь: Канибадамда эки үй-бүлөнүн алты мүчөсү киши колдуу болду, Орусия Навальныйды эскерүүдө


4-июнда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Тажикстанда бир түндө алты кишинин өлүмү иликтенүүдө

Тажикстанда тартип коргоо органдары эки үй-бүлөдөн бир түндө алты адам киши колдуу болгон окуяны иликтеп жатканын 4-июнда «Азаттыктын» тажик кызматы жазды. Окуя Согд облусуна караштуу Канибадам шаарынын аймагындагы Санжидзор кыштагында 29-майга караган түнү болгону, бир үй-бүлө тажик улутундагылар, экинчиси этностук кыргыздар экени, чоо-жайы боюнча расмий маалымат бериле электиги кабарланды.

«Милиция акыркы үч айда эле Канибадамда кеминде төрт үй-бүлөдө адамдар киши колдуу болгону тууралуу маалымат тараткан. Бул кылмыштардын баарынын чоо-жайы белгисиз, ал эми кылмышкерлер боштондукта жүрөт», - деп билдирди «Озоди».

Муфтият Сузактагы окуя боюнча кайрылуу жасады

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Жалал-Абад облусунун Сузак районунда айыл өкмөттүн жана эки мектептин имаратындагы мамлекеттик тууну өрттөп, ордуна арабча жазуусу бар ак матаны илип кеткен окуя тууралуу кайрылуу жасады. Муфтият Кыргызстандын өз алдынча, эгемен мамлекет экенин далилдеген негизги белгилерге мамлекеттик туу, герб жана гимн кирерин, ал баалуулуктарды барктоо зарыл экенин билдирди. Белгисиз адамдар 30-майга караган түнү Сузак районундагы №4 Шамшиев атындагы жана №88 Атабеков атындагы орто мектептердин, ошондой эле Атабеков айыл өкмөтүнүн имаратына илинген мамлекеттик желектерди өрттөп, ордуна араб жазуусу бар ак матаны илип кетишкен.

“Кемпирабадчылар” сот жүрүшүнө нааразы

Кемпир-Абад иши боюнча айып тагылган саясатчы жана активисттер 4-июнда Биринчи Май райондук сотунун имаратынын алдында маалымат жыйын өткөрүп, соттук териштирүүдө мыйзам сакталбай жатканын айтып чыгышты. Алар айыптоо актысы толук окулбай, айыпталгандардын сотто жүйөсүн айтууга, күбөлөрдү суракка алууга мүмкүнчүлүк түзүлбөй жатканын билдиришти. Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен сегиз киши тергөө абагында калды. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан. Аларга “Массалык баш аламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып тагылган. Шектүүлөр мунун баарын "саясий куугунтук" катары сыпатташат.

Байсалов чет жактан 300 миңдей мигрант кайтканын айтты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстан чет өлкөдө жүргөн эмгек мигранттарынын саны дээрлик 300 миң адамга азайта алганын билдирди. Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) 2024-жылдын биринчи кварталындагы маалыматы боюнча, Кыргызстандын 655 миңден ашык жараны чет өлкөдө миграцияда жүрөт. Алардын көбү Орусияда эмгектенет.

Өлкөдө 300дөй имараттын курулушу мыйзамсыз деп табылды

Кыргызстанда жалпы 277 турак жай жана коммерциялык объектинин курулушу мыйзамсыз деп табылган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин 4-июндагы жыйынында Архитектура, курулуш жана турак жай - коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев билдирди. Ал мыйзамсыз курулган курулуштардын коопсуздугуна кепилдик жок экенин айтты.

Орусияда абакта Алексей Навальный эскерилүүдө

Маркумдун тарапташтары 4-июнда - туулган күнүндө аны эскерип, түрдүү акцияларды уюштуруп жатышат. Москвада анын сөөгү коюлган Борисовское көрүстөнүнө ата-энеси, санаалаштары барып, гүл коюшту. Навальныйды жерге берүү иш-чарасына катышканы үчүн Москва епархиясы кызматына тыюу салган дин кызматкери Димитрий Сафронов да эскерүүгө барганын "Можем объяснить" жазды. DOXA маалымдагандай, Навальныйды Владивосток, Йошкар-Ола, Самара, Новосибирск шаарларында да жергиликтүү активисттер эскеришти. Германиянын борбору Берлин шаарында "Привет, это Навальный" деген концерт уюштурулууда.

Быйыл 16-февралда абакта белгисиз жагдайда көз жумган Навальный тирүү болсо бүгүн 48 жашка чыкмак.

Грузияда ЛГБТны чектеген мыйзам сунушталууда

Грузияда бийликтеги «Грузин кыялы» партиясы ЛГБТ укуктарын чектеген мыйзам долбоорун жалпы парламенттин кароосуна киргизип жатканын 4-июнда «Азаттыктын» грузин кызматы жазды. Парламент төрагасы Шалва Папуашвилинин айтымында, депутаттардын талкуусуна «Үй-бүлө баалуулуктары жана жашы жете электерди коргоо жөнүндө» мыйзам долбоору жана жалпысынан 18 мыйзамга ЛГБТны чектей турган өзгөртүүлөр сунуш кылынат.

Партиянын демилгеси колдоо тапса жынысты өзгөртүүгө, бир жыныстагы үй-бүлөлөрдүн бала асыроосуна, мындай аракеттерге үгүттөөгө, чыгармалар, программалар аркылуу ушундай контентти жайылтууга тыюу салынат, мамлекеттик органдарда берилүүчү документке адамдын жынысы тууралуу генетикасына ылайык аял же эркек деп гана жазылат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG