Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:15

Улуттук банк валюта базарынан дагы 16 миллион 900 миң доллар сатып алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук банк 5-июнда валюта базарынан дагы 16 миллион 900 миң доллар сатып алды. Бул маалымат банктын расмий сайтына жарыяланды.

Ушуну менен өлкөнүн негизги банкы жыл башынан бери валюта рыногунан 161 миллион 750 миң доллар сатып алды.

Ушул тапта доллардын расмий курсу 87 сом 54 тыйын болууда. Коммерциялык банктар менен менчик акча алмаштыруу жайларында бир доллар 87 сом 20 тыйындан сатып алынып, 88 сомдон сатылууда.

Интервенция доллардын курсу кескин көтөрүлүп же түшүп кеткенде жасалат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG