Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:02

Кыргызстанда Аталар күнүн белгилөө сунушталууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 15-мартты - Аталар күнү катары жыл сайын белгилөө сунушталууда.

Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары Медербек Алиев, Кубанычбек Самаков, Акылбек Түмөнбаев, Улугбек Ормонов, Марлен Маматалиев, Элмурза Сатыбалдиев жана Айбек Маткеримов жазган.

Документтин маалымкат-негиздемесинде мыйзам долбоору үй-бүлөнү чыңдоого жана үй-бүлөдө эркектин жоопкерчилигин жогорулатууга багытталганы жазылган.

Документ кабыл алынса Аталар күнүндө дем алыш болбойт.

Кыргызстанда жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде Энелер күнү белгиленет. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG