Президент башкы прокурор кызматына Максат Асаналиевди сунуштады

Максат Асаналиев жана Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров башкы прокурордун кызмат ордуна Максат Асаналиевди көрсөтүп, анын талапкерлигин Жогорку Кеңешке сунуштады. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Ал мындан тышкары Максат Асаналиевдин талапкерлиги боюнча Садыр Жапаровдун Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевге жиберген документтин социалдык тармактарга чыгып кетиши боюнча кызматтык териштирүү жүрүп жатканын айтты.

46 жаштагы Максат Асаналиев Ысык-Көл облусунун Тоң районунда туулган. 2022-жылы Ош облусунун прокурору болуп дайындалган. Ага чейин Бишкектин Биринчи Май районунун прокурору болуп иштеген.

Курманкул Зулушев баш прокурор кызматынан өз каалоосу менен кетүү тууралуу президент Садыр Жапаровго арыз жазганы 3-июнда белгилүү болгон.

54 жаштагы Курманкул Зулушев 2000-жылдан бери прокуратура тармагында иштеп, 2007-2013-жылдары Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун судьясы, 2013-2015-жылдары Бишкек шаардык сотунун судьясы болуп эмгектенген.

2015-2020-жылдары Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болгон. Ал 2020-жылы Октябрь окуясынан кийин 21-октябрда башкы прокурор болуп дайындалган. (BTo)

Дагы караңыз

4-июнь: Канибадамда эки үй-бүлөнүн алты мүчөсү киши колдуу болду, Орусия Навальныйды эскерүүдө Тажикстанда бир түндө эки үй-бүлөдөн алты адам киши колдуу болгон окуя иликтенүүдөГрузияда ЛГБТны чектеген мыйзам сунушталуудаСаясатчы Өмүрбек Бабанов журналист Карымшаковду сотко берди Чехия орус мунайынан көз карандылыгы жоюларын билдирди