Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:57

Саясатчы Өмүрбек Бабанов журналист Карымшаковду сотко берди


Бизнес-өнөктөштөр Өмүрбек Бабанов менен Болотмамбет Жээнбеков. Сүрөт-коллаж.
Бизнес-өнөктөштөр Өмүрбек Бабанов менен Болотмамбет Жээнбеков. Сүрөт-коллаж.

Ишкер, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов эркин журналист Эламан Карымшаковду сотко берип, 1 млн сом доо талап кылып жатканын журналист өзү Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Карымшаков буга "Фрунзе" ("Азия") гипермаркеттер тармагынын айланасындагы чыр боюнча ишкер, аталган тармактын негиздөөчүсү Болотмамбет Жээнбековдон алган маеги себеп болгон деп эсептейт.

"Бабанов сот аркылуу “ар-намысыма шек келтирди, ишкердик беделиме доо кетирди” деп менден 1 млн сом, Жээнбековдон 1 млн сом моралдык компенсация өндүрүп берүүнү өтүнүптүр. Мага Өмүрбек Бабановдун доо арыз менен кайрылганы тууралуу маалымат кечээ, 3-июнда гана жетти. Алар жиберген билдирүү дарегиме жетпей калыптыр. Болотмамбет Жээнбековдун видеомаегин өчүртүү боюнча өтүнүчү тууралуу билдирме келгенден кийин гана билдим", - деп жазды ал.

Эламан Карымшаков интервьюну чыгарардын алдында Өмүрбек Бабановго да оюн угуу үчүн кайрылганын, бирок ал жооп берүүдөн баш тартканын кошумчалады.

Анын айтымында, Бабановдун доо арызы боюнча 4-июнда Октябрь райондук сотунда алдын ала соттук угуу өткөн. Ишти судья Улан Шаматов карап жатат. Биринчи отурум 24-июлга белгиленген.

Аталган райондук соттун өкүлдөрү маалыматты ырастап, расмий кабар кийинчерээк берилерин билдирди.

Өмүрбек Бабановдун өзү комментарий бере элек.


“Фрунзе” дүкөндөр тармагынын мурдагы ээси Болотмамбет Жээнбеков 24-апрелде эркин журналист Эламан Карымшаковго интервью берип, “Фрунзе” гипермаркеттер тармагын Бабановго тарттырып жибергенин айтып чыккан. Жээнбеков алгачкы дүкөндөрүн 2011-жылы ачканын, ал ийгиликтүү болуп, кийин жети түйүнгө жеткиргенин кеп кылган.

Өмүрбек Бабанов 26-апрелде видео билдирүүсүндө мунун баарын четке кагып, тескерисинче Болотмамбет Жээнбековдун өзүн алдамчылыкка айыптаган. Ишкер Жээнбеков менен журналист Карымшаковдун расмий кечирим сурашын талап кылган.

Тараптардын сөзүнө караганда, алардын талашы боюнча Башкы прокуратура менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет териштирүү жүргүзгөн. Жээнбеков маселе райондук жана шаардык сотто каралып, Жогорку Сотко жеткенин билдирген. Бабанов алгачкы инстанциядагы соттук кароолордон Жээнбеков утулганын кабарлаган.

“Фрунзе” гипермаркеттер тармагы Кыргызстанда бир нече жыл мурда белгилүү брендге айланган. Соңку бир-эки жылдан бери “Азия” деп өзгөртүлүп, иштеп жатат.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG