Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:44

Чехия орус мунайынан көз карандылыгы жоюларын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чехия Орусиянын мунай продукциясынан көз карандылык маселесин келерки жылдын ортосунан кечиктирбей чечет. Бул тууралуу 4-июнда чех премьер-министри Петр Фиала билдирди.

Фиаланын айтымында, бул үчүн мунайды Италиядан агызган Трансальп куурунун (TAL) кубаттуулугу жогорулатылат.

Куурду модернизациялоо жана мунай агызуу жөндөмдүүлүгүн кеңейтүү иштери быйыл аягына чыгарылары, натыйжада ал аркылуу өткөн мунайдын көлөмүн жылына 4 миллион тоннага жеткирүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөрү белгиленди.

Дээрлик алтымыш жылдан бери Чехия мунайды Орусиядан магистралдык "Дружба" кууру аркылуу алып турган. Орусия 2022-жылы февралда Украинага согуш ачкандан кийин Батыштын көптөгөн өлкөлөрү орус мунайынан баш тарта башташкан.

Орусиядан Европа Биримдигине деңиз аркылуу мунай ташууга ошол жылдын декабрында тыюу салынган. Бирок "Дружба" кууру аркылуу жеткирүү үчүн өзгөчө шартка уруксат берилген. Анткени деңизге чыга албаган бир нече өлкө, анын ичинде Чехия, башка альтернативдүү жол табуусу кыйын болору айтылган. Фиала Чехия орус мунайына болгон көз карандылыктан кутулууну пландап жатканын 2023-жылы октябрда да билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG