Рафахта чабуулдар уланууда, АКШ тынчтык планына жооп күтүп жатат

Газа.

Газа секторунун түштүгүндөгү Рафах шаарында Израилдин чабуулдары уланууда. Дем алыш күндөрү да шаар жапырт соккуга кабылганын, палестин качкындары үчүн ачылган 36 баш калкалоочу жайдын баары бош турганын, адамдар коопсуз жер издеп, башка жактарга кетүүгө мажбур болгонун Reuters маалымат агенттиги 3-июнда билдирди.

Агенттик Ак үйдөгү булактарына таянып маалымдаганына караганда, АКШ ок атышууну адегенде алты аптага токтотуу тууралуу планга ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук топ деп жарыяланган) макул болсо, аны Израил да кабыл аларына үмүттөнүүдө. Бул планды өткөн аптада Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден сунуш кылган. Анда атышууну токтото туруудан тышкары Газага гуманитардык жардамды көбөйтүү, ХАМАС барымтада кармап отурган израилдиктер менен чет элдиктерди Израилдин абактарында жаткан палестиндерге айырбаштоо сунуштары да бар.

Бул сунуш Израил өкмөтүнүн айрым мүчөлөрү арасында катуу каршылык жаратууда.

Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү Жон Кирби «ХАМАСтын расмий жообун күтүп жатабыз», — деп жекшемби күнү билдирди жана эки тарап пландын биринчи этабын ишке ашырууга “болушунча тезирээк киришүүгө” үмүттөнөрүн кошумчалады.

Ошол эле күнү АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Израилдин коргоо министри Йоав Галлантка жана аскердик кабинеттин мүчөсү Бенни Ганцка телефон чалып, «Израилди сунуш үчүн мактаганы» жана ХАМАС келишимди “кечиктирбестен” кабыл алышы зарылдыгын айтканы белгиленди.

Газанын 2,3 миллионго жакын калкынын көбү Израилдин чабуулдарынан баш калкалап, сектордун улам бир аймагына барып жашынып жашоого мажбур болууда. Израилдин бул сектордогу аскердик операциясына 2023-жылдын 7-октябрындагы окуя түрткү болгон. Бул күнү куралчан адамдар тобу 1200дөй кишини өлтүрүп, 250 кишини барымтага алып кеткен, кийин алардын бир бөлүгү бошотулган, айрымдары каза болгону кабарланган.

Израил бул үчүн ХАМАСты айыптап, негизги максаты аны жок кылуу экенин билдирүүдө. Газа секторун ХАМАС көзөмөлдөйт.

Газада ХАМАС менен Израил армиясынын согушунун кесепетинен сегиз айдан бери бул сектордо жашаган палестиндердин 36 миңден ашууну каза болгонун анклавдын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси билдирүүдө. Бул сан күмөн жаратпай турганын БУУ да маалымдаган. (RK)

Дагы караңыз

Жыл башында Аламүдүн капчыгайында жоголгон адамды издөө иши жандандыӨзбекстан: Имамдарга социалдык түйүндөргө чыгууга жана лайк коюуга тыюу салындыМадумаров Зулушевдин кызматтан кетиши тууралуу комментарий бердиАдахан Мадумаровдун апелляциялык арызын кароо 7-июнга жылды