Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:28

Өзбекстан: Имамдарга социалдык түйүндөргө чыгууга жана лайк коюуга тыюу салынды


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев дин кызматкерлери катышкан иш-чарада.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев дин кызматкерлери катышкан иш-чарада.

Өзбекстанда Мусулмандар дин башкармалыгы имамдарга жана алардын орун басарларына социалдык түйүндөр аркылуу чыгып сүйлөөгө жана постторго лайк коюуга тыюу салганын бүгүн 3-июнда "Азаттыктын" өзбек кызматы ("Озодлик") билдирди.

Маалыматта айтылгандай, май айынын соңунда өзбекстандык бардык имамдарга Ташкенттин башкы имамынын жардамчысы Эргаш Рустамовдун атынан аудиобилдирүү жөнөтүлгөн, анда социалдык түйүндөр боюнча чектөө айтылган. Бул маалыматты Өзбекстандын муфтияты журналисттерге тастыктады.

"Озодлик" радиосу белгилегендей, муфтияттын тыюу салган билдирүүсү өлкөдө дин кызматкерлери аралашкан бир нече окуя катталган учурга туура келүүдө. Мурда Ташкенттеги "Тухтабой" мечитинин имам-хатиби болуп иштеп келген, 2017-жылы Нооруз майрамын жана жөрөлгөлөрүн кескин сындаганы үчүн кызматтан алынган Исакжон Бегматов аттуу имам кайрылууларынын биринде "кешбэкти" ойлоп тапкандар элге жана соодагерлерге зыян келтирип жатканын айткан. "Эшонхожа-ота" мечитинин имамы Авазхожи Бахромов 16 жаштагы кызды ыплас сөздөр менен тилдегени үчүн кызматынан алынып, үч суткага камалган.

Имамдар муфтияттын мындай чектөөсүн мамлекеттик көзөмөлдүн күчөшү деп баалап жатышат.

Эки ай мурда Өзбекстанда бардык имамдарга жана алардын орун басарларына чет мамлекетке чыгуучу паспортун тапшыруу талабы коюлган.

Өткөн жылы сентябрь айында Өзбекстандын Министрлер кабинетинде премьер-министр Абдулла Ариповдун жана Мамлекеттик коопсуздук кызматынын төрагасы Абдусалом Азизовдун төрагалыгы менен жыйын өткөн. Ага коомдук уюмдардын өкүлдөрү да катышкан. Жыйында өлкөдөгү диний кырдаал талкууланып, "диний радикализм күчөп баратканы" белгиленген жана бул үчүн кооптонуу керектиги айтылган.

Ошол жыйынга катышкан адамдардын бири "Озодликке" айтып бергендей, анда соңку жылдары мамлекеттик кызматтагы адамдар жумуш ордунда намаз окуп, шариятка таянып улам бир аял алып, ар кандай диний иш-чараларга катышып жатканы тууралуу сын айтылып, мунун баары кооптуу тенденция катары бааланган.

Өкмөт башчы Абдулла Арипов жыйындын катышуучулары алдында сүйлөп жатып, андай мамлекеттик кызматкерлер "же динди, же мамлекеттик кызматты тандашы керек" деп айтканын да өздүк булактар кабарлашкан.

Ошол жыйындан кийин Өзбекстанда бир нече мечитте азан мурдагыдай катуу айтылбай калган. (RK)

XS
SM
MD
LG