Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:09

Мадумаров Зулушевдин кызматтан кетиши тууралуу комментарий берди


Курманкул Зулушев жана Адахан Мадумаров. Коллаж.
Курманкул Зулушев жана Адахан Мадумаров. Коллаж.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, оппозициялык саясатчы Адахан Мадумаров башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кызматтан кетиши тууралуу комментарий берди.

Ал 3-июнда Бишкек шаардык сотундагы отурумдан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, “Курманкул Зулушев кызматта турган учурда мыйзамсыздык көбөйгөнүн” айтты.

“Эртеби-кечпи, баары кызматтан кетет. Кетпей турган киши жок. Эки жарым жылга жакын убакыттын ичинде бардык иштердин аталасын чыгарып бүттү. Бир кишиге бир эмес, жети кылмыш иши козголгон (ред.: Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тууралуу). Бирөө да аныкталган жок. Сотко өткөн иштердин көбүндө шектүүлөрдүн иши тастыкталбай келип жатат. Саясий буйруктар өтө эле көп болуп кеткен”, - деди ал.

Курманкул Зулушев өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу президент Садыр Жапаровго арыз жазганы 3-июнда белгилүү болгон. Ал 2020-жылы Октябрь окуясынан кийин 21-октябрда башкы прокурор болуп дайындалган.

Зулушев Адахан Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн жоопко тартууга 2023-жылы 22-июнда парламенттен уруксат алган.

Быйыл 26-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту Адахан Мадумаровду коюлган айыптар боюнча күнөөлүү деп таап, мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза чегерген эмес. Саясатчы чечим мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин абакта калган. Бул аралыкта анын адвокаттары райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна даттанган эмес. Жети ай тергөө абагында отургандан кийин мурдагы депутат 26-апрелде бошотулган.

Адахан Мадумаровго эки кылмыш иши козголуп, бир өндүрүшкө бириктирилген.

Биринчиси - Кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн ага “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылган. Президент Садыр Жапаров буга чейинки маектеринде ошол протоколдун айынан Баткендеги Төрт-Көчө талашы жаралганын билдирген. Саясатчы ал протоколдун юридикалык күчү жок экенин айтып келет.

Адахан Мадумаров “Азаттык” радиосуна берген интервьюсунда иш “Мамлекеттик чыккынчылык” беренеси менен тергелип, өкүм чыгардын алдында ал “Бийликтен аша чабуу” беренесине алмашканын билдирди. Саясатчынын соту жабык өткөндүктөн. буга чейин берене өзгөртүлгөнү тууралуу маалымат берилген эмес.

Экинчиси - Чыңгыз Абдымомунов аттуу жаран 2015-жылы “Бүтүн Кыргызстан” партиясына 50 миң доллар бергенин айтып, аны кайра кайтарып берүү өтүнүчү менен милицияга арыз жазган. Бул факты боюнча “Алдамчылык” беренеси менен кине коюлган. Бул ишке байланыштуу “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Акыл Айтбаевге да айып коюлган.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 26-апрелде соттун чечимин негиз кылып, Адахан Мадумаровду мандатынан ажыраткан. Саясатчы Боршайкомдун бул чечимине каршы Бишкектин административдик сотуна арыз берген. 20-майда сот саясатчынын мандаты боюнча арызын четке какты. (BTo)

XS
SM
MD
LG