Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:24

Жыл башында Аламүдүн капчыгайында жоголгон адамды издөө иши жанданды


Мукамбеталы Маматалы уулу изделүүдө.
Мукамбеталы Маматалы уулу изделүүдө.

Чүй облусунун Аламүдүн капчыгайында ушул жылдын 13-январынан бери дайынсыз болуп жаткан 28 жаштагы Мукамбеталы Маматалы уулун издөө иши жакындарынын кайрылуусунун негизинде кайра жанданды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирди.

3-июнда издөө ишине министрликтин 34 куткаруучусу, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан эки куткаруучу жана эки дрон тартылды. Мындан сырткары Ички иштер министрлигинин (ИИМ) 300 кызматкери чыкты.

13-январда Чүй облусунун Аламүдүн капчыгайында (Тёплые ключи) 1996-жылы туулган Мукамбеталы Маматалы уулу дайынсыз жоголгон.

Буга чейин аны издөөгө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 200дөн ашуун куткаруучусу, кинологдор, ИИМден 100дөн ашуун кызматкер тартылып, 17-январдан 23-январга чейин издөө иши жүргөн. 23-январда издөө иши токтотулган. (BTo)

XS
SM
MD
LG