Аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

3-4-июнь күндөрү күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

4-июнда түнкүсүн Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда карга айланат. Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.
Күндүз Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо карга айланат.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 25…30;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13…18, күндүз 26…31;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 19…24;

Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 19…24.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15°, күндүз 28…30° жылуу болот.

Дагы караңыз

Грузияда “чет элдик агент” мыйзамына кол коюлдуДепутат министрликтин кызматкерлерин маалымат билбейт деп сындадыКыргызстанда үй шартында 138 менчик бала бакча иштеп жатат Төрт айда баңгизатты сатуу максатында жашырып иштеген 17 адам кармалды