Төрт айда баңгизатты сатуу максатында жашырып иштеген 17 адам кармалды

Иллюстративдик сүрөт. Баңгизатын сатуу боюнча иликтөөдөн алынган сүрөт.

2024-жылдын алгачкы төрт айында Кыргызстанда баңгизаттарды сатуу үчүн жашырып (закладка) коюп кетүү боюнча 72 факты аныкталды.

Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев Жогорку Кенештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 3-июндагы жыйынында айтты.

Анын сөзүнө караганда, бул фактылар боюнча 17 адам кармалып, тергөө иштери жүрүп жатат. Арасында бир өспүрүм бар.

Расмий маалыматка ылайык, соңку үч жыл ичинде баңгизатка байланыштуу 3,5 миңге чукул кылмыш катталып, 17 тоннадан ашык баңгизат алынган. Бул кылмыштар боюнча 500дөн ашык адамга айып коюлган. Үч жыл ичинде маңзат даярдоого ылайыкташкан 30га чукул лаборатория аныкталган.

Мыйзам боюнча маңзат соодасына аралашкандар мүлкүн алып коюу менен 10 жылдан 12 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылат. (BTo)

Дагы караңыз

Алагөзов Зулушев кызматтан кеткенин ырастап, президент башкы прокурордун ордуна талапкерлерди карап жатканын айттыМушкер Мунарбек Сейитбек уулу Олимпиадага жолдомо алдыБашкы прокурор Курманкул Зулушев отставкага кеткени кабарлануудаАКШда ок атышуудан бир адам каза болуп, кеминде 24 киши жаракат алдыГрузияда "чет элдик агент" мыйзамына каршы чыккандар кайрадан акцияга чогулууда Белгороддо снаряд жарылып, жергиликтүү аткаминер каза болду