Башкы прокурор Курманкул Зулушев отставкага кеткени кабарланууда

Курманкул Зулушев.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев отставкага кеткени кабарланууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” жеке булактар билдирди.

Анын кызматтан эмне себептен кеткени жана ордуна ким келери азырынча белгисиз. Башкы прокуратура менен президенттин басма сөз кызматы азырынча комментарий бере элек.

Зулушев 2020-жылы Октябрь окуясынан кийин 21-октябрда башкы прокурор болуп дайындалган.

Президент Садыр Жапаров башкы прокурорго өзүнө баш ийген кызматкерлерге жетиштүү көзөмөл жүргүзбөгөнү үчүн сөгүш бергени быйыл 24-апрелде белгилүү болгон.

Курманкул Зулушев 2022-жылы саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге козголгон кылмыш иштерине байланыштуу убактылуу кызматтан четтетилип, ишин кайра уланткан. Ал эми Алымкадыр Бейшеналиевге козголгон иштин баары токтотулган.

54 жаштагы Курманкул Зулушев 2000-жылдан бери прокуратура тармагында иштеп, 2007-2013-жылдары Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун судьясы, 2013-2015-жылдары Бишкек шаардык сотунун судьясы болуп иштеген.

2015-2020-жылдары Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болгон.

Курманкул Зулушев коомчулукка президент Садыр Жапаров баштаган үч саясатчыны актаган судья катары кеңири таанылган. 2012-жылдын 3-октябрында Бишкекте “Кумтөр” алтын кен долбоорун мамлекеттин карамагына алууну талап кылган митинг башаламандык менен коштолуп, президенттик администрациянын кашаасын ашып өтүү аракети болуп, бир нече адам кармалган.

2013-жылдын 29-мартында Бишкектин Биринчи май райондук соту саясатчылар Камчыбек Ташиевди, Садыр Жапаровду жана Талант Мамытовду бийликти күч менен алууга аракет кылуу айыбы боюнча соттогон. 2013-жылдын 17-июнунда шаардык сот үчөөнү тең актап, сот залынан бошоткон. (BTo)

Дагы караңыз

АКШда ок атышуудан бир адам каза болуп, кеминде 24 киши жаракат алдыМушкер Мунарбек Сейитбек уулу Олимпиадага жолдомо алдыГрузияда "чет элдик агент" мыйзамына каршы чыккандар кайрадан акцияга чогулууда Белгороддо снаряд жарылып, жергиликтүү аткаминер каза болдуСтамбулда көп кабаттуу үй урап, киши өмүрү кыйылды