Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:26

Стамбулда көп кабаттуу үй урап, киши өмүрү кыйылды


Стамбул.
Стамбул.

Стамбулда жекшемби күнү эртең менен үч кабаттуу турак жай урап түшкөнү кабарланды. "Свобода" радиосу кыйроонун себептери тактала электигин жазды. Жергиликтүү Milliyet басылмасы кырсыктан бир адам каза болгонун кабарлады.

Стамбулдун губернатору Давут Гүл кеминде жети киши жарадар болгонун билдирди. Алар ооруканага жеткирилген, экөөнүн абалы оор.

Жалпыга маалымдоо каражаттары куткаруучулар урандыларды тазалоо жана жабыркагандарды издөө иштерин жүргүзүп жатканын кабарлап жатышат.

Түркиянын ички иштер министри Али Йерликая журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, буларды айтты:
"Тогуз кишини чыгардык. Түркмөнстандан келген бир адам каза болду. 7 чет элдик жаран жабыркады. Алардын бири Ирандын, калгандары Түркмөнстандын жарандары. Балдар менен жабыркаган энелердин абалы оор. Алардан жакын арада кабар алабыз. Учурда тергөө иштери башталды. Бул иш боюнча үч прокурор жана инспекторду дайындадык".

16 миллион калкы бар Стамбул Түркиядагы ири шаарлардын бири. (AiA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG