Эл аралык ЮНИСЕФ уюму жана Вакциналар жана иммунизациялоо боюнча глобалдык альянс (GAVI) Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигине вакциналарды ташууга адистештирилген 26 унаа берди. Анын 16сы 1-июнда тапшырылганын, калган бөлүгү июлда келерин министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Унаалар вакциналарды коопсуз ташуу үчүн зарыл болгон чоң муздаткыч камераларды алып жүрүүгө ылайыкташкан. Андан тышкары, вакциналарды күн нурунан коргоо үчүн терезелери атайын панелдер менен жабдылган.
"Бул унаалар биздин өлкөнүн эң алыскы аймактарына да вакциналарды жеткирүүнү камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Бул эмдөө көрсөткүчтөрүн жогорулатуу жана жарандарыбыздын ден соолугун коргоо үчүн маанилүү”, - деди Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.
Унаалардын жалпы баасы 1,26 миллион долларды түзөт.
Буга чейин ЮНИСЕФ Кыргызстанга вакцина сактоочу 200гө чукул муздаткыч берген. (КЕ)
Дагы караңыз
Индиядагы шайлоодо премьер-министр Модинин тарапташтары алдыга чыктыЗеленский Сингапурда АКШ Конгрессинин өкүлдөрү менен жолугуштуОрусиянын ракетасы Украинадагы эс алуу базасына тийди"Крокустагы" кырсыкка байланыштуу 1700 адам жабырлануучу деп табылды