Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:49

Зеленский Сингапурда АКШ Конгрессинин өкүлдөрү менен жолугушту


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Сингапурга 1-июнда барган Украинанын президенти Владимир Зеленский Азия-Тынч океан аймагындагы коопсуздук маселелерине арналган "Шангри-Ла диалогу" форумунда сөз сүйлөйт. Зеленский ошондой эле Түштүк-Чыгыш Азиядагы бир катар өлкөлөрдүн лидерлери жана АКШнын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрөт.

Зеленский Швейцариядагы эл аралык конференциянын алдында, Украинанын позициясын бейтарап өлкөлөргө, анын ичинде Азияга жеткирүү максатында Сингапурга барууга ниеттенип жатканын маалымат каражаттары бир күн мурда жазышкан.

"Украинада тынчтыкты калыбына келтирүү, глобалдык азык-түлүк жана өзөктүк коопсуздукту камсыз кылуу - бул Швейцариядагы Глобалдык тынчтык саммитинин негизги максаты. Ошондуктан ал жерде Азия-Тынч океан аймагынын үнүн угуу биз үчүн маанилүү", - деди Зеленский Сингапурга жасаган сапары тууралуу.

Украинанын президенти Индонезиянын жана Чыгыш Тимордун башчылары менен жолугушууларды өткөрдү. Ал Сингапурдун лидерлери жана АКШнын коргоо министри Ллойд Остин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт деп күтүлүүдө. Ал Кошмо Штаттардын Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын тышкы саясат боюнча комитетинин башчысы Майкл Маккол жетектеген делегация менен жолугушту.

Украина президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, Зеленский жолугушуунун катышуучуларына соңку кырдаал, Украинага курал-жарак жеткирүү жана санкциялык демилгелер тууралуу маалымат берди.

"Тараптар Орусиянын аймагындагы Харьков облусуна чектеш аймагындагы аскердик буталарына сокку уруу үчүн Американын куралын колдонууга уруксат берүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти", - деп айтылат билдирүүдө.

"Шангри-Ла диалогу" - Сингапурдагы Эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институту (IISS) көз карандысыз аналитикалык борбору жыл сайын өткөрүүчү өкмөттөр аралык форум. Уюштуруучулардын айтымында, жекшемби күнү Зеленский “Глобалдык тынчтык жана аймактык стабилдүүлүк үчүн чечимдерди кайра карап чыгуу” аттуу талкууга катышат.

Форумга АКШ жана Кытай баш болгон аймактагы 30га жакын мамлекеттен жогорку даражалуу өкүлдөр катышууда. Орусия "Шангри-Ла диалогуна" 2022-жылдан бери Украинага бастырып киргенден бери бара элек.

XS
SM
MD
LG