Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:48

Орусиянын ракетасы Украинадагы эс алуу базасына тийди


Соккудан кыйраган энергетикалык объекттердин бири. Украина.
Соккудан кыйраган энергетикалык объекттердин бири. Украина.

1-июнга караган түнү орусиялык армия Украинанын жарандык жана энергетикалык инфраструктурасына сокку урду. 20 адам жабыр тартты. Бул тууралуу украиналык расмий мекемелер билдиришти.

"Орусия Харьков облусундагы эс алуу базасына кол салды", - деп жазды Украинанын ИИМнин башчысы Игорь Клименко. Анын айтымында, 12 адам жабыркаган, арасында балдар да бар. Алардын абалы орточо оор деп бааланууда.

Клименко орусиялык дрон Никополдогу маршруттук автобусту аткылап, төрт адам анын ичинде бала жараат алганын билдирди. Дагы төрт адам Львов облусундагы аткылоодон жабыркаган.

Украинанын Чукул кырдаалдар кызматы Харьков облусунда Балаклеи тилкесиндеги эл жашаган аймакка орусиялык ракета түшүп, эки үй өрттөнүп кеткенин билдирди.

Түндөгү чабуулдан бир катар облустардагы энергетикалык объекттер кыйраганын Украинанын энергетика министри Герман Галущенко ырастады.

Украинанын аба күчтөрүнүн билдиришинче, Орусия ар кандай үлгүдөгү 53 ракета жана 47 дрон кое берген. Ракетанын 35и, дрондун 46сы атып түшүрүлгөн.

Орусиянын Коргоо министрлиги армия узакка атылуучу курал менен Украинанын аскердик өндүрүштүк комплексинин ишин камсыздаган энергетикалык объекттерин атканын тастыктады. Мекеме чабуулду Киевдин "орусиялык энергетикалык объекттерге жана транспортко зыян келтирүү аракетине" жооп катары түшүндүрдү.

XS
SM
MD
LG