Акылбек Жапаров курулушу токтоп турган мектептердин 80% бүткөрүлгөнүн айтты

Мурас-Ордо конушундагы мектеп. Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда курулушу башталып бирок ортодо токтоп калган мектептердин 80% бүткөрүлдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 30-майда Кара-Суу районуна караштуу Кара-Дөбө айылындагы 275 орундуу мектептин ачылышында билдирди.

"Бул мектептин курулушу тогуз жыл мурда башталган эле. Эми мына курулуш иштери аяктап биздин балдар, биздин кыздар жаңы окуу имаратына кирип жатышат", - деди ал.

Өкмөт башчысы акыркы үч жылда 214 жаңы мектеп салынганын, 365 миңден ашык адамдын, анын ичинде мугалимдердин, дарыгерлердин, мамлекеттик жана муниципалдык жана башка тармактын кызматкерлердин маянасы жогорулаганын айтты.

Өкмөттүн маалыматына караганда, 30-майда министрлер кабинетинин төрагасы Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Өзгөн районундагы № 60 Т.Төлөнбаев, Ноокат районундагы Маданият орто мектептеринин ачылыш аземдерине онлайн катышты.

Буга чейин өкмөт 2024-жылы өлкөдө 212 мектеп, 50 бала бакча ачыла турганын маалымдаган.(ZKo)

Дагы караңыз

Казакстанда сел агызып кеткен эки кишинин сөөгү эки айдан бери табылбай жатат Муртазалиев БШКнын чечимине каршы сотко даттандыВенгрия Беларус менен кызматташтыгын кеңейтүүдөОрусия Украинага ракета, дрон чабуулун улантты. Прагада НАТО жыйыны башталуудаБлинкен Молдова өзгөрүү жолунда прогресске жетишип жатканын айтты