Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:02

Блинкен Молдова өзгөрүү жолунда прогресске жетишип жатканын айтты


Энтони Блинкен жана Майя Санду. 2024-жылдын 29-майы.
Энтони Блинкен жана Майя Санду. 2024-жылдын 29-майы.

АКШ Молдовага энергетикалык коопсуздугун камсыздоого жана Орусиянын бул өлкө боюнча жалган маалымат таратып жатышына каршы туруусу үчүн 135 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу 29-майда Кишиневго бир күндүк иш сапар менен барган Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен билдирип, Молдованын евроинтеграциясына жана Орусиянын Украинага каршы жүргүзүп жаткан согушунан улам жаралган коркунуч абалдагы коопсуздугун камсыздоого жумшаларын кошумчалады.

Ал Евробиримдикке талапкер катары аткарышы зарыл болгон шарттарды жана коррупцияга каршы күрөштү Молдова тийиштүү деңгээлде аткарып жатканын белгиледи.

«Мен бул жерге эки жыл мурда келгенимде Европа менен байланышта болгон, тынчтыкта жашаган, жакшы өнүгүп жаткан Молдованы кантип курса болору жөнүндө сүйлөштүк эле. Сиздер кыйынчылыктарга карабастан мына ошол максатка жетүү үчүн европалык жолдогу прогресс аркылуу күчтүү келечекке жеткирүүчү конкреттүү кадамдарды жасап жатасыздар», — деди Блинкен.

Молдова Евробиримдикке мүчөлүккө талапкер макамын 2022-жылы алган. Кишинев менен биримдиктин бул боюнча сүйлөшүүлөрү 2023-жылдын 14-декабрында башталган.

2020-жылы Москванын саясатын колдогон президент Игорь Додонду утуп чыккан азыркы президент Майя Санду Европадагы эң жакыр өлкөлөрүдүн бири Молдованы Батышка, Европага ыктаган саясат жолу менен алып барууда.

Быйыл 20-мартта Молдовада кезектеги президенттик шайлоо жана Европа Биримдигине мүчөлүк тууралуу референдум өтөт. Президенттик шайлоого Санду да катышат.

Өлкөнүн орусиячыл саясатчылары, парламенттеги социалисттик жана коммунисттик оппозиция Сандуга атаандаш бирдиктүү талапкерин алып чыгуу тууралуу сүйлөшүү баштаганын билдиришкен.

Орусия эки жылдан ашуун убакыттан бери агрессиясын көрсөтүп келе жаткан Украина менен чектеш Молдова орус бийлигинин кол салуусун чечкиндүү түрдө айыптаган.

Молдова Орусияны өлкөгө каршы “гибриддик согуш” жүргүзүп жатат, жергиликтүү шайлоолорго кийлигишип, өкмөттү кулатып, Евробиримдикке мүчө болуу жолунан адаштыруу үчүн жалган маалымат таратып жатат деп айыптап келет. (RK)

XS
SM
MD
LG