Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:10

Венгрия Беларус менен кызматташтыгын кеңейтүүдө


Петер Сийярто.
Петер Сийярто.

Венгриянын тышкы иштер жана тышкы соода министри Петер Сийярто Европа Биримдиги Беларуска каршы санкция жарыялаганына карабастан бул өлкөгө барып, кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу сүйлөшүү жүргүздү. Венгриянын башкы дипломаты Беларуска 29-майда барды, санкция болушунча азайышы, кызматташтык көбөйүшү керек деп айтты.

Эки өлкө ортосунда атом энергетикасы жаатындагы кызматташтык тууралуу келишимге кол коюлду. Бул келишим боюнча Беларус жана Венгрия кадрларды биргелешип даярдашат жана радиоактивдүү калдыктар боюнча ишти чогуу жүргүзүшөт.

Венгрия өзүнүн «Пакш» деп аталган атомдук электр станциясына жаңы реактор кошуу ишин Орусия менен бирге жүргүзүүдө, аны ишке киргизүү ушул он жылдыктын соңуна пландалууда.

Атомдук электр станциясы Беларуста да бар. Аны Орусия курган.

Батыш жана АКШ Орусия Украинага каршы согуш ачканы үчүн Беларуска да бир топ санкция жарыялаган.

Беларус Орусиянын жакын өнөктөшү жана Украинадагы агрессиясын колдоп, жардамдашып келе жатат.

Венгрия Евробиримдиктин да, НАТОнун да мүчөсү. Ал аталган уюмдардын Украинага жардам тууралуу көптөгөн сунуштарын колдобой келет. (RK)

XS
SM
MD
LG