Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:57

Орусия Украинага ракета, дрон чабуулун улантты. Прагада НАТО жыйыны башталууда


Украина.
Украина.

Украинада соңку суткада да Орусиянын чабуулдарынан бир нече киши жараат алганын жергиликтүү бийлик башчылары 30-майда билдиришти.

Харьковдо, облустук аскердик администрация төрагасы Олег Синегубовдун айтымында, бейшембиге караган түнү эки жерге ракеталык чабуул жасалды, үйлөр жана башка да социалдык инфраструктура имараттары талкаланып, жети киши жараат алды. Жалпысынан Белгород облусунун аймагынан Харьковго жети ракета учурулганы маалымдалды.

Херсон облусунда алты жергиликтүү тургун жараат алганын, үйлөр жана автомашиналар талкаланганын 30-майдын таңында аймактын администрация башчысы Александр Прокудин билдирди.

Украинанын куралдуу күчтөрүнүн басма сөз кызматы кабарлагандай, өткөн түнү Орусия С-300/С-400 башкарылуучу ракеталарынан сегизди, Ту-95 ТС стратегиялык авиация учактарынан атылуучу канаттуу Х-101/Х-555 ракеталардан 11ди жана Shahed-131/136 согуштук дрондорунан 32ни учурду.

Хмельницкий, Днепропетров, Черкасск, Кировоград, Запорожье, Одесса, Херсон, Киев жана Винница облустарынын аймагына учурулган дрондордун баары, канаттуу ракеталардын жетөө атып түшүрүлгөнү белгилүү болду.

Президент Владимир Зеленский кезектеги видео кайрылуусунда өнөктөштөргө рахматын айтып, Швециядан жардам келатканын билдирди:

“Бүгүн биз Швецияга ыраазычылык билдиребиз. Биздин аскерлерибиз дагы бир маанилүү жардам алышты. Бул олуттуу колдоо. Абадан коргонуу системабыздын ишин жакшыртуу үчүн колубуздан келгендин баарын жасап жатабыз”.

Орусиянын жарандык объектилерге соккусу күчөп, орус аскерлеринин Харьков тарапта улам алдыга жылуусуна туруштук бериши кыйындап жаткан Украинага жардам маселеси 30-майда Чехиянын борбору Прагада НАТОго мүчө 32 өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин жыйынында талкууланганы жатат.

Швеция Украинага 1,16 млрд евролук жардам бөлүп жатканы 29-майда белгилүү болгон. Ушуну менен Швеция Украинага 16-жолу аскердик жардам көрсөтүүдө, бул буга чейинкилердин арасынан эң ири жардам болору белгиленген.

Жардамдын ичинде бутага жетүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүчү ASC 890 радиолокациялык чалгын жана башкаруу учагы, украин армиясынын жаңы бригадаларынын өнүгүүсүнө колдоо көрсөтө турган бронетранспортерлордон 302 даана, абадан коргонуу системаларында колдонулуучу Rb 99 (AMRAAM) ракеталары, артиллериялык ок-дары, автоцистерналар жана башка каражат бар.

Өлкөнүн коргоо министри Пол Йонсон НАТОго мүчө болгондон кийин Украинага Gripen истребителдери да берилиши мүмкүн экенин айтты. (RK)

XS
SM
MD
LG