“Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” ачык акционердик коому уставдык капиталын дагы 1,4 млрд сомго көбөйтүү чечимин кабыл алып, ушул суммага ылайыктуу акцияларды сатыкка чыгарды. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы кабарлады.
Маалыматта муну менен компаниянын уставдык капиталы 18 млрд 200 млн сомго жетери кабарланат.
Ачык акционердик коом аны менен кошо “Мамлекеттик лизинг компаниясы” деп аталган туунду ишкана түзүү тууралуу да чечим кабыл алды.
Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Министрлер кабинети 2022-жылдын 31-майындагы чечими менен түзүлгөн. Анын 100% акциясына Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду ээлик кылып, алгачкы уставдык капиталы 2 миллиард сом деп аныкталган. Кийин анын капиталы 14,8 миллиард сомго жеткирилип, компания бул суммага 2023-жылы “Альфа Телеком” ишканасын (мурдагы "Мегаком", азыркы "MЕГА" мобилдик байланыш компаниясы) сатып алган.
2022-жылы декабрда “Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” ишканасына алгачкы директор болуп Кыргызстандын жарандыгын жаңыдан алган орусиялык Евгения Судец дайындалган. “ПолитКлиника” басылмасы Судецтин күйөөсү Владимир Андросиктин Максим Бакиевге байланыштарын иликтеп чыккан соң, маселе парламентте да көтөрүлгөн.
Евгения Судец 2023-жылдын апрелинде өз арызы менен кызматын тапшырып, анын ордуна башка киши келген. Компаниянын жетекчиси андан бери да эки ирет алмашты. (ErN)
Дагы караңыз
Бишкек шаардык кеңешинин үч депутаты парламенттик шайлоого ат салышууга арыз бердиИранда укук коргоочу журналистке 21 жылдык жаза мөөнөтү чегерилди“Росатом” Кыргызстанда курууну пландап жаткан атомдук электр станциянын негиздемесин даярдадыУкраина Орусиянын чабуулдарынан бир нече киши каза болгонун билдирдиБоррел Украинадан Орусияга Батыштын куралы менен сокку уруу маселеси боюнча айтты Үч медиа ири долбоорлор жөнүндө иликтөө жарыялады. Президенттин администрациясы ага жооп берди