Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:48

“Росатом” Кыргызстанда курууну пландап жаткан атомдук электр станциянын негиздемесин даярдады


"Росатом" корпорациясынын стенди. Иллюстрациялык сүрөт.
"Росатом" корпорациясынын стенди. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын "Росатом" корпорациясы Кыргызстанда жана Мьянмада курууну пландап жаткан чакан атомдук электр станциялардын (АЭС) баштапкы техникалык-экономикалык негиздемесин даярдады. Бул тууралуу орусиялык “Прайм” басылмасы "Росатомдун" курамына кирген "Атомэнергопром" ишканасынын жылдык отчётуна таянуу менен жазып чыкты.

Маалыматта аталган өлкөлөрдө АЭСтер качан курулуп башталышы мүмкүн экени такталган эмес.

Энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев быйыл 25-мартта Орусияда өткөн “Атомэкспо” форумунда Кыргызстан атомдук электр станциясын куруу боюнча “Росатом” менен келишим түзүүнүн алдында турганын билдирген. Ал муну үчүн корпорациясынын алдындагы “Новавинд” деп аталган компания менен инвестициялык кызматташуу башталышы мүмкүндүгүн айткан.

Кыргыз өкмөтү "Росатом" менен бирге АЭС куруу тууралуу сүйлөшүүлөрдү 2022-жылы январда баштаган жана чакан АЭСтерди куруу жаатында кызматташуу меморандумуна кол коюлган. Анда кабарларда бул корпорациянын башкы директору Алексей Лихачев Кыргызстандын аймагында RITM-200N реактордук станциясынын базасында аз кубаттуу атомдук электр станциясын куруу пландаштырылып жатканын билдирген. Мындай АЭС "өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгына гана салым кошпостон, калктын жашоо сапатына жана бүтүндөй Борбордук Азия чөлкөмүнүн илимий-техникалык потенциалынын өнүгүшүнө да таасир этет", - деп айткан.

2023-жылдын июнь айында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Сочиде "Росатомдун” башчысы Алексей Лихачев менен жолуккан. Өкмөттүн басма сөз кызматы аз кубаттуу АЭС куруу тууралуу маселеси дагы талкууланганын, Лихачев бул жаатта долбоор даярдалып жатканын билдиргенин жазган.

2023-жылдын аягында Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс комитетинин мүчөлөрү "Росатомдун" ишканалары, анын ичинен “Нововоронеж” АЭСинин иши менен таанышып келген.

Кыргызстанда электр энергиясын керектөө жылдан-жылга өсүүдө. Жыл ичиндеги бардык өндүрүлгөн жарыктын көлөмү 14 млрд кВтка жакын, ал эми колдонуу 17 млрд кВтка жетет. Кыргыз өкмөтү соңку эки жылдан бери таңкыстыкты жабуу үчүн Түркмөнстан, Өзбекстан жана Казакстандан 3 млрд кВт электр тогун импорттоп келет. Бишкек былтыртан тартып электр энергиясын Орусиядан да сатып ала баштаган. (ErN)

XS
SM
MD
LG