Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:52

Бишкек шаардык кеңешинин үч депутаты парламенттик шайлоого ат салышууга арыз берди


Шайлоочулардын тизмесин карап жаткан жарандар. Архив.
Шайлоочулардын тизмесин карап жаткан жарандар. Архив.

Бишкек шаардык кеңешинин үч депутаты бир мандаттуу Свердлов шайлоо округунан парламент депутаттыгына талапкер болуу үчүн арыз берди.

Алар: Таалайбек Усубалиев, Жаныбек Асанбеков, Казыбек Эргешов. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы 29-майда кабарлап, ат салышуу ниетин билдиргендердин саны сегиз кишиге жеткенин маалымдады. Арасында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ирина Кармушкина да бар.

Андан тышкары Чыңгыз Сапарбаев, Мээрим Бектемирова, Алмаз Аскар уулу, Назарбек Нышанов арыз тапшырган. Соттолбогону жана башка талаптарга шайкеш келген документтери текшерилгенден кийин алар талапкер болуп каттоого алынат.

Талапкер болгусу келгендерден арыз 30-майга чейин кабыл алынат. Шайлоо 30-июнда болот.

Свердлов округунан 2022-жылдагы шайлоодо депутат болгон Шайлообек Атазовдун мандаты быйыл апрелде жокко чыгарылган. Буга анын ошол кездеги атаандашы Абдурахманхажи Муртазалиевдин сотко жазган арызы негиз болгон. Добуш сатып алуу чырынан улам Боршайком Муртазалиевге да мандат берген эмес жана жаңы шайлоо дайындалган.

30-июнда Ноокаттагы №5 жана Ысык-Көлдөгү №36 бир мандаттуу округдарда да мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтөт. Боршайком кабарлагандай, Ысык-Көлдө 17, Ноокатта 11 киши талапкер болууга арыз берди. (SE)

XS
SM
MD
LG