Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:16

Боррел Украинадан Орусияга Батыштын куралы менен сокку уруу маселеси боюнча айтты


Жозеп Боррел.
Жозеп Боррел.

Европа Биримдигинин башкы дипломаты Жозеп Боррел Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Орусиядагы объектилерге соккусу, эгер пропорционалдуулук бар болсо, мыйзамдуу деп эсептелерин 28-майда биримдиктин коргоо министрлеринин жыйынында айтты.

«Ошондой эле биз Орусиянын аймагындагы аскердик объектилерге Батыштын курал-жарагынын чабуулдарына коюлган чектөөлөрдү алып салуу мүмкүнчүлүгүн талкууладык. Эгер пропорционалдуу түрдө колдонулса, бул, эл аралык укук жагынан алып караганда, толук мыйзамдуу», - деди Боррел.

Украина Орусиянын соккуларын токтотуунун негизги жолу катары анын аймагындагы аскердик объектилерди жок кылууну атап келет. Бул үчүн ал Батыштан жардам иретинде алып жаткан курал-жаракты Орусиядагы объектилерге каршы колдонууга уруксатты көптөн бери талап кылууда.

Батыштын айрым саясатчылары да Украинанын Куралдуу күчтөрүнө мындай сокку урууга уруксат берүү зарылдыгын айтып жатышат. Ушундай сунушун 24-майда НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг билдирген. The New York Times гезитинин жазганына караганда, АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен да ушул сыяктуу көз карашта.

АКШ Батыштын куралын Орусияга каршы колдонууга каршы чыгып, бул Москва менен түздөн-түз кагылышууга алып келиши ыктымал экенин эскертүүдө.

Улуу Британия менен Франция Украинага Орусиянын аймагына сокку уруу үчүн узак аралыкка учуучу ракеталарды колдонууга уруксат берген.

Орус бийлиги мындай кадамдар согуштун дагы да күчөшүнө алып келерин бир нече жолу билдирген, президент Владимир Путин Батыш өлкөлөрү Украинага Орусияга сокку урууга өз куралын колдонууга уруксат берсе “олуттуу кесепеттерге алып келерин” 28-майда айтты. (RK)

XS
SM
MD
LG