Өкмөт уу коргошундан дары даярдоого тыюу салды

Базарда сатылып жаткан уу коргошундун тамыры. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын аймагындагы аконит, макротомия, ясенец жана афлатун пиязынын түрлөрүнөн дары-дармек, техникалык, тамак-аш сырьесун даярдоого, жыйноого үч жылга убактылуу тыюу салынды.

Мындай токтом Министрлер кабинетинин 28-майдагы жыйынында кабыл алынды.

Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады, чечимдин себеби ачыкталган жок.

2021-жылы саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавируска каршы аконит (уу коргошун) деп аталган чөптүн тамырын дарылыкка колдонуп жатканы маалым болгон. Ал журналисттердин алдында бул чөптүн тундурмасын президент Садыр Жапаров экөө даярдаганын, ал Кыргызстандагы ооруканаларда жаткан 300 бейтапка берилип, байкоо жүргүзүлгөнүн айткан.

Министрдин бул сөзү коомчулукта катуу сынга кабылган, кийинчерээк Саламаттык сактоо министрлиги аконит дары катары эч кандай клиникалык жактан ырасталбаганын билдирген.(ZKo)

Дагы караңыз

Токтогул суу сактагычындагы суу бир айда 2 млрд метр кубга көбөйдүЖапаров аскерлердин жашоо-шарты жакшыра турганын айттыПольша Орусия жана Беларус менен чек арасын миналоону пландоодоОктябрдан бери АКШнын чек арасында дээрлик 3 миң өзбекстандык кармалдыBild: Иран Орусияга алгачкы жолу жаңы үлгүдөгү авиабомбаларды берди