УКМК Аксыда ишкерлерди карактоого шектүү кармалганын билдирди

Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Аксы районунун Кербен шаарынын 57 жаштагы тургуну, өзүн "кримтөбөл" катары көрсөткөн, мурда каракчылык жана опузалоо беренелери боюнча бир нече жолу соттолгон К.Р.К аттуу жаран кармалганын маалымдады.

Мекеменин басма сөз кызматы 28-майда тараткан маалыматка ылайык, ал былтыр октябрда биргелешкен бизнес жүргүзүү шылтоосу менен ишкерлердин ишенимине кирип, алардын 150 миң доллардан ашык акчасын алып алганы тууралуу атайын кызматка даттануулар келип түшкөн.

Ал "өнөктөштөрүнүн көмүрдү биргелешип казуу жана сатуу боюнча милдетин эртерээк аткаруу талабына күч колдонуу менен жооп кылып, коркуткан". 22-майда кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Маалыматка караганда, учурда шектүүнүн Жалал-Абад облусунда айрым кылмыштарга катышы бар экени аныкталып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Коопсуздук кызматы үстөмдүктөн жабыркагандарды УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгына жана 0995 012210 (WhatsApp) ишеним номурларына кайрылууга чакырды. (ZKo)

Дагы караңыз

Дүйнөлүк банк Камбар-Ата-1 ГЭСинин негиздемесин жаңылоого 13,6 млн доллар берет“Камчыбектин иши”. Курманжан датканын уулдары кабылган куугунтукУлуттук банк эсептик ченди 11 пайыздан 9 пайызга түшүрдүСвердлов райондук сотунда Аскат Жетигендин иши каралууда "Украинада туткунга түшүп калыптыр, кандай кылсак болот?"