Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:38

Свердлов райондук сотунда Аскат Жетигендин иши каралууда


Аскат Жетиген Бишкектин Свердлов райондук сотундагы отурумда. 23-май, 2024-жыл.
Аскат Жетиген Бишкектин Свердлов райондук сотундагы отурумда. 23-май, 2024-жыл.

28-майда Бишкектин Свердлов райондук сотунда “массалык башаламандыктар”, “бийликти басып алууга чакырык жасоо” беренелери боюнча шек саналып кармалган акын жана активист Аскат Жетигендин ишин кароо уланды. Бул тууралуу "Азаттыктын" сотто жүргөн кабарчысы билдирип, активист өзү соттун имаратына алып келингенин маалымдады.

Соттук кароо 22-майда башталган. Ал күнү Аскат Жетигенге айыптоо актысы окулуп, ишти кароонун тартиби бекитилген.

23-майда өткөн соттук жараянда Аскат Жетиген Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) шаардык бөлүмүндө кыйноого кабылганын айтып чыккан. Жаза аткаруу кызматы муну четке какса, Башкы прокуратура активисттин арызынын негизинде иликтөө иштерин баштаган.

Акын 20-мартта кармалып, Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 19-майга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камалган. 8-майдагы баштапкы соттук угууда анын камактагы мөөнөтү 8-июлга чейин узартылган.

Активистке 2024-жылдын 15-мартында Фейсбуктагы баракчасында жасаган кайрылуусу боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен дагы бир эпизод боюнча кылмыш иши козголгонун ошол учурда адвокаты Венера Буудайбекова билдирген.

Алгач Аскат Жетигенди УКМК 16-мартта Кочкор районунан кармап, Бишкек шаарына алып келген. Коомдо анын кармалышы катуу талкууланып, бошотуу талабы коюлган. 18-мартта сот аны эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошоткон.

Венера Буудайбекова буга чейин УКМК ырчынын видео билдирүүлөрүнөн улам “бийликти басып алууга чакырык жасалган” деген айып менен 2022-жылы кылмыш ишин козгогонун кабарлаган. Аскат Жетиген ага байланыштуу бир нече жолу сурак берген. Тергөөчү ырчы сөзүнө байланыштуу экспертизалык корутундунун негизинде кармалганын айткан.

Аскат Жетиген - ырчы, комузчу, обончу, композитор, акын. 18 жашында “Ордо Сахна” фольклордук-этнографиялык ансамблине жетекчи болуп, бир нече жыл аны менен жыйырмадан ашык өлкөнү кыдырган. 2021-жылы өзүнүн чакан концертин өткөргөн. Анын “Зарыкканда” деп аталган ыры менен эл арасында белгилүү.

Ал 2021-жылдан баштап азыркы бийликтин аракеттерин кескин сындаган видео билдирүүлөрдү чыгарып келген. Анын ичинде казинону иштетүү, желекти өзгөртүү боюнча каршы пикирин билдирип, активисттердин камакка алынышын жана маданият тармагындагы реформаларды айыптаган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG