Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:29

Дүйнөлүк банк Камбар-Ата-1 ГЭСинин негиздемесин жаңылоого 13,6 млн доллар берет


Кыргызстандын Энергетика министрлигинин жетекчилиги баштаган топ менен Дүйнөлүк банктын делегациясынын жолугушуусу. 27-май, 2024-жыл.
Кыргызстандын Энергетика министрлигинин жетекчилиги баштаган топ менен Дүйнөлүк банктын делегациясынын жолугушуусу. 27-май, 2024-жыл.

Бишкекте Кыргызстандын Энергетика министрлигинин жетекчилиги баштаган топ менен Дүйнөлүк банктын делегациясы 27-майда жолугуп, “Камбар-Ата-1 ГЭСин техникалык колдоо” долбоору боюнча кошумча каржылоо маселесин сүйлөштү. Бул тууралуу 28-майда Энергетика министрлиги кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, долбоордун алкагында Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 13,6 млн доллар берери каралган. Мунун 11 милиону 50 жылдык мөөнөткө пайызсыз берилчү насыя жана 2,6 млн доллары грант.

Берилген каражаттар Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун даярдоо долбооруна жумшалмакчы. Анын ичинде акча долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин жаңылоо, экологиялык жана социалдык документтерин даярдоо жана жергиликтүү калкка пайданы бөлүштүрүү планын иштеп чыгуу сыяктуу нерселерге кетет.

Дүйнөлүк банк Кыргызстандагы Камбар-Ата-1 гидроэлектр станциясынын (ГЭС) долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууга 5 миллион АКШ долларын бөлөрү былтыр ноябрда белгилүү болгон. Буга байланыштуу макулдашууга Кыргызстандын финансы министри Алмаз Бакетаев жана Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Навид Хассан Накви кол койгон.

Кийин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңеште маалымат берип жатып Дүйнөлүк банк Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга баш-аягы 500 млн доллар насыя бөлүүнү убада кылганын айткан. Каражат канча убакытта кандай шартта берилерин тактаган эмес.

Кыргызстан Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун утурлаган инфраструктураны салуу иштерин өз алдынча 2022-жылы баштаган. Президент Садыр Жапаров станциянын курулушун ошол жылдын 8-июнунда баштап берген.

2023-жылдын январь айында Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Казакстандын энергетика министрлери Камбар-Ата-1 ГЭСин чогуу куруу боюнча жол картасына кол коюшкан. Мындан тышкары расмий Астана менен Ташкент биргелешкен ишкана түзүү демилгесин колдошкон.

Биргелешкен ишкана Камбар-Ата-1 ГЭСи курулуп бүткөндөн кийин ГЭСти башкарары жана анын 34% акциясы Кыргызстанга таандык болору, ал эми Казакстан менен Өзбекстан 33% алып, жалпы 66% ээлик кылып калары айтылган. Бул жагдайга байланыштуу талаш-талкуу чыгып, башкаруу Кыргызстанда калышы керек дегендер болгон.

Баштапкы маалыматтарда ГЭСтин өзүн куруу 2024-жылы башталып, биринчи агрегаты 2028-жылы ишке берилет деп пландалган. Станция толук курулуп бүтсө, 1860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5,6 млрд кВт саат электр энергиясын өндүрөт. Бул Кыргызстандагы ушул таптагы эң ири Токтогул ГЭСинен чоң дегенди түшүндүрөт. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG