Улуттук банк эсептик ченди 11 пайыздан 9 пайызга түшүрдү

Улуттук банктын имараты

Кыргызстандын Улуттук банкы эсептик ченди 11 пайыздан 9% чейин түшүрүү чечимин кабыл алып, ал 28-майда күчүнө кирди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Өлкөнүн негизги банкы Кыргызстанда инфляциялык процесстер төмөндөп баратканын, жылдык инфляциянын көрсөткүчү 2024-жылдын май айында 4,4% түзгөнүн кошумчалады. Соңку чечим ушул жана башка жагдайларга байланыштуу кабыл алынган.

Улуттук банк 2022-жылга чейин эсептик ченди 7-8% тегерегинде кармап келген. Орусияга салынган эл аралык санкциялар Кыргызстандын экономикасына да олуттуу басым кылган. Мындан улам 2022-жылдын мартынан тарта өлкөдө инфляция кескин секирик жасаган. Валюта рыногунда абал курчуп, эсептик чен 14% чейин жеткен.

2023-жылдан бери 13% көрсөткүчтө кармалып келаткан эсептик ченди Улуттук банк 30-апрелде 11% түшүргөн.

Эсептик чен – инфляциялык процессти жөнгө салуучу негизги финансылык куралдардын бири болуп саналат. Ал коммерциялык банктардагы насыялар менен депозиттердин пайыздык ченине түз таасир этет.

Коммерциялык банктар өзүнүн пайыздык чендерин аныктап жаткан учурда Улуттук банктын эсептик ченине багыт алышы кажет. Улуттук банктын эсептик чени жогору болсо, коммерциялык банктардын насыялары менен депозиттеринин пайыздык чендери да жогору болот, төмөн болсо төмөндөйт. (ErN)

Дагы караңыз

Депутат Энергетика министрлиги майнинг фермалар тууралуу маалымат бербей жатканын айттыКыргызстандан телефон уурдап, чет өлкөлөргө сатып жүргөн топ кармалдыАктивист Өндүрүш Токтонасыровдун соттук иши кайрадан жандандыЕБ элчиси Молдовада «Европа үчүн пакт» кабыл алынганын кубаттадыБишкектеги башаламандык үчүн Свердлов РИИБ башчысы, жалпы 10 кызматкер иштен алынды