Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:42

Бишкектеги башаламандык үчүн Свердлов РИИБ башчысы, жалпы 10 кызматкер иштен алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Абитов баш болгон 10 кызматкери борбор калаадагы 13-майдагы жана 17-майдагы окуяларга байланыштуу кызматынан алынганын бүгүн 27-майда Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, мындай чечим ИИМдин жыйындар залында министр Улан Ниязбековдун катышуусунда өткөн коллегияда кабыл алынды.

«Бардыгы болуп 20 кызматкер тартип жазасына тартылды. Алардын ичинен Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын 10 кызматкери, анын ичинде башкармалыктын башчысы ээлеген кызматынан бошотулду. Мындан тышкары Бишкек шаардык ИИББ жана Свердлов райондук ИИБнин 10 кызматкери ар кандай тартип жообуна тартылды. 13-майдагы тергөө-ыкчам тобунун курамына кирген кызматкерлерге карата кызматтык иликтөөнүн чечими юридикалык баа берүү үчүн ИИМдин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди», - деп билдирди ИИМ.

Абитов Жалал-Абад облустук милиция башчысы кызматынан бошотулуп, Свердлов райондук башкармалыгына башчы болуп апрель айынын башында дайындалган.

Ички иштер министри Улан Ниязбековдун кеңешчиси Бакыт Сеитов 23-майда “Азаттыкка” билдиргендей, 13-майга караган түнү Кыргызстан менен Египеттин жарандарынын мушташы жана ушул мушташ тартылган видеодон кийин 18-майга караган түнү болгон башаламандыкка байланыштуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы 11 кылмыш ишин козгоду. Бул окуялардан 49 киши жабыркаган, 13 киши кылмышка шектүү катары аныкталган. Алардын ичинен төртөө Египеттин, калган жети адам Кыргызстандын жарандары.

17-майда социалдык түйүндөрдө “чет элдиктер аралашкан” деген бир нече адамдын мушташы тартылган видео тарап, айрым колдонуучулар сабалгандар Кыргызстандын жарандары экенин жазышкан.

18-майга караган түнү Бишкек менен Чүйдө жалпы жети жайга кол салуу болгон. Анын ичинен адамдар Бишкекте чет элдик студенттер жашаган алты жатаканага жана мейманканага кирип башаламандык кылып, чет өлкөлүктөрдү уруп-сабаган.

Андан тышкары ушул эле күнү Чүйдүн Аламүдүн айылында тигүү цехинде жашап иштеген Индиянын, Бангладештин жана Пакистандын жарандарына 60-70 киши кирип барып сабап, акчасын, уюлдук телефондорун алып кеткен. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен бир кылмыш иши козголуп, 14 киши жабыркаганы аныкталган. Беш киши кылмышка шек саналып кармалган.

Тополоңдо дарыгерлерге жалпы чет өлкөлүк 41 адам кайрылган.

ИИМ 18-майга караган түнү Чүй менен 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинде чогулгандар 700гө чейин жеткенин, таңга жуук баары тарап кеткенин билдирген.

Бишкек милициясы Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандык” жана “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу” беренелери менен иш козгоп, иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев буга чейин Бишкекте жана Чүйдүн бир айылында 18-майга караган түнү болгон окуяга байланыштуу ички иштер министри Улан Ниязбековдун жоопкерчилигин кароо маселесин көтөргөн. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG