Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:02

Активист Өндүрүш Токтонасыровдун соттук иши кайрадан жанданды


Өндүрүш Токтонасыров
Өндүрүш Токтонасыров

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыровдун соттук иши кайрадан жанданды. Бул тууралуу ага укуктук жардам көрсөтүп жаткан “Кылым шамы” уюму кабарлады.

Ишти кароо 27-майга белгиленген болчу. Айыпталуучунун адвокаттары ооруп калгандыктан отурум 7-июнга жылдырылды.

18-январдагы соттук отурумда прокуратура өкүлдөрү соттон укук коргоочунун иши боюнча комиссиялык экспертиза жүргүзүүнү өтүнгөн. Сот ал өтүнүчтү канааттандырып, укук коргоочунун ишин убактылуу токтоткон. Токтонасыровдун адвокаты Агзам Дүйшөналиев ошол маалда "Азаттыкка" билдиргендей, “соттук жараян дээрлик аяктап, жарыш сөзгө жетип калган болчу”.

Өндүрүш Токтонасыровго "Расалык, этностук, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу" беренеси менен козголгон кылмыш иши Биринчи Май райондук сотунда былтыр сентябрдан бери каралууда. 2-ноябрдагы сот жараянында укук коргоочунун соцтармактардагы жазгандарына экспертиза жүргүзгөн лингвист көрсөтмө берип, активисттин жазгандары "кастыкты козуткан" деген тыянак чыккан.

Ага карата кылмыш иши 2023-жылдын 30-мартында козголгон. Токтонасыров өзү бул тууралуу үч айдан кийин, 30-июнда билген. Ошол күнү аны милиция кармап кетип, Тергөө башкармалыгынын имаратында бир нече саат сурак берип чыккан. Кийинчерээк суракка күбө катары чакырылганы, Фейсбукка жазгандары боюнча лингвистикалык экспертиза дайындалганы маалым болгон.

65 жаштагы Өндүрүш Токтонасыров адам укуктары, сөз эркиндиги, чек ара, Украинадагы согуш жана башка маселелер тууралуу өз оюн ачык жазып, митинг, акцияларга чыгып келген. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG