Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:45

ЕБ элчиси Молдовада «Европа үчүн пакт» кабыл алынганын кубаттады


«Европа үчүн пактка» кол коюу. 2024-жылдын 26-майы. 
«Европа үчүн пактка» кол коюу. 2024-жылдын 26-майы. 

Европа Биримдигинин Молдовадагы элчиси Янис Мажейкс бул өлкөнүн 13 саясий партиясы «Европа үчүн пакт» деп аталган документке кол койгонун кубаттай турганын билдирди. 26-майда Ziarul de Gardă басылмасына курган маегинде ал мындай маанилүү кадам Молдованын Европа Биримдигинин алкагындагы келечекке карай жамааттык умтулуусун чагылдырган саясий спектрдеги европалык интеграцияга бекем жана бирдиктүү багытын көрсөтөрүн белгиледи.

«Биз кол койгон тараптардын биргелешкен аракеттерин жогору баалайбыз, анткени алар саясий пикир келишпестиктерди четке кагып, өлкөнүн европалык жолуна артыкчылык берип, анын ЕБге мүчөлүктүн жалпы максатына жетүүдөгү маанилүүлүгүн баса белгилейбиз», - деди ал.

Пактка кол коюу салтанаты 26-майда өткөн. Ага коңшулар Румыниянын жана Украинанын элчилери да катышкан.

Быйыл 20-октябрда Молдовада кезектеги президенттик шайлоо жана Европа Биримдигине мүчөлүк тууралуу референдум өтөт.

Быйыл апрель айында өлкөнүн Конституциялык соту Баш мыйзамга бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүүнү колдогон. Аларга ылайык, Молдованын Конституциясы «Европалык интеграция» деген өзүнчө бөлүм менен толукталат.

Ал эми ушул эле күнү өтө турган президенттик шайлоого азыркы мамлекет башчы, батышчыл саясатчы Майя Санду да катышары белгилүү болду.

Өлкөнүн орусиячыл саясатчылары, парламенттеги социалисттик жана коммунисттик оппозиция Сандуга атаандаш бирдиктүү талапкерин алып чыгуу тууралуу сүйлөшүү баштаганын билдиришти.

2020-жылы Москванын саясатын колдогон президент Игорь Додонду утуп чыккан Санду Европадагы эң жакыр өлкөлөрүдүн бири Молдованы Батышка, Европага ыктаган саясат жолу менен алып барууда.

Молдова Евробиримдикке мүчөлүккө талапкер макамын 2022-жылы алган. Кишинев менен биримдиктин бул боюнча сүйлөшүүлөрү 2023-жылдын 14-декабрында башталган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG