“Манас” аэропортунан эл эвакуация болуп жатат

Бомба коюлганы тууралуу маалыматтан кийин эвакуация болгондор. 16-май, 2024-жыл.

22-майда “Манас” эл аралык аэропортуна бомба коюлган деген маалыматтан улам аэропорттун кызматкерлери менен жүргүнчүлөр эвакуация болуп жатат.

Аэропортто саат 15:00дө жарылуу болору кабарланып, жүргүнчүлөрдү каттоо токтотулду. Пландалган рейстер аткарылууда.

16-майда да ушундай эле маалымат түшүп, анда аэропорттон жардыруучу зат табылган эмес.

Бишкектен 23 чакырым алыстыкта жайгашкан “Манас” эл аралык аэропорту Кыргызстанда маанилүү транспорттук мекеме болуп саналат.

Анын курамына Кыргызстандын аймагындагы 11 аэропорт карайт. Алардын бешөө – “Манас”, “Ош”, “Ысык-Көл”, “Каракол” жана “Баткен” эл аралык, ал эми алтоо –“Жалал-Абад”, “Исфана”, “Караван”, “Казарман”, “Нарын” жана “Талас” аймактык макамга ээ. (BTo)

Дагы караңыз

Орус армиясынын аткылоосунан Сумы облусу электр жарыксыз калдыПрезидент криминалга каршы күрөш улантыларын кайталадыЖээнбеков “кемпирабадчылардын” адвокаттарына басым болуп жатканын айттыӨкмөт чет элдиктерге кол көтөргөндөрдү тарбиялай турганын айтты“Kloop” порталы эл аралык Free Media Pioneer award сыйлыгын алдыПрезидент пенсия боюнча Конституциядагы норма аткарыларын айтты Миграциядан улам 80 миң бала жакындарынын колунда тарбиялануудаТоктогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 млрд метр кубдан аштыБишкекте чет элдиктерди сабаган деген шек менен эки адам кармалды