Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:20

“Kloop” порталы эл аралык Free Media Pioneer award сыйлыгын алды


Kloop порталынын кеңсеси.
Kloop порталынын кеңсеси.

Кыргызстанда соттун чечими менен жабылган көз карандысыз “Kloop Media” порталы Эл аралык пресса институтунун Free Media Pioneer award сыйлыгын алды.

Сыйлык “Kloop” иштеп баштаган 20 жылга жакын убакыттан бери Кыргызстанда жоопкерчиликтүү жана сапаттуу медианы, ошондой эле демократиялык баалуулуктарды өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыйгарылганы айтылат. Андан тышкары Кыргызстанда эркин жалпыга маалымдоо каражаттарына, анын ичинде “Kloop” сайтына басым болгонуна карабай ишин берилгендик менен жасап жатканы белгиленген.

Free Media Pioneer Award сыйлыгы 1996-жылдан бери жыл сайын басма сөз эркиндигин коргоо боюнча иштерди жасаган жалпыга маалымдоо каражаттарына берилет. Бул жылы дүйнөнүн булуң-бурчунан 11 уюм Free Media Pioneer Awards сыйлыгына ат салышкан.

Бишкектин Октябрь райондук соту 9-февралда “Kloop Media” коомдук фондун жоюу жөнүндө чечим чыгарган. Медианы жабуу арызы менен Бишкек шаардык прокуратурасы сотко кайрылган.

Шаардык прокуратура “Клоопту” жабуу боюнча сотко кайрылганы 2023-жылы 28-августта белгилүү болгон. Шаардын прокурору Эмилбек Абдыманаповдун арызында Kloop басылмасы “азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялай турганы” жазылган.

“Клооптун” башкы редактору Анна Капушенко бийликтин мындай аракетине мурдатан даярданып келишкенин, артка чегинүү болбой турганын билдирген.

“Kloop Media” порталын жабуу боюнча соттун чечимин эл аралык жана жергиликтүү бир катар уюмдар сынга алып, бийликти “Клооптун” сайтын ачууга чакырып келет.

“Клооп” 2007-жылдан бери иштейт, чуулгандуу бир катар иликтөөлөрү үчүн эл аралык сыйлыктарга татыган. Кыргызстандагы эң маанилүү окуялар тууралуу бейтарап жазган көз карандысыз басылма. “Клооптун” кабарлары күн сайын кыргыз жана орус тилдеринде жарыяланат. Айрым материалдары англис тилинде да чыгат. Басылманы “Kloop Media” эл аралык фонддорунун тобу башкарат.

Сот порталдын сайтын жапканы менен ал социалдык тармактарда ишмердигин жүргүзүүдө. (BTo)

XS
SM
MD
LG