Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:29

Президент пенсия боюнча Конституциядагы норма аткарыларын айтты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров 22-майда Бишкекте өткөн “Жаңы кадам” социалдык мобилизициялоо боюнча жалпы республикалык кеңешмеде сөз сүйлөп, өлкөнүн экономикалык абалына токтолду. Президент ушул жылдын 1-октябрынан тартып, бардык пенсиялар 6800 сомдон кем эмес болоорун билдирди.

“Ушул жылдын 1-октябрынан тарта Социалдык фонд тарабынан дайындалган бардык пенсиялар 6800 сомдон кем эмес өлчөмдө болорун сиздерге чоң кубаныч менен жарыялай кетейин. Мен бул мөөнөттү тездетүүнү өтүндүм. Кудай буюрса, пенсияны жогорулатуунун биринчи этабы 1-июлдан башталат. Бул багыттагы иштерди улантабыз”, - деди президент.

Жапаров 2021-жылы Конституцияга өзгөртүүдө пенсия менен жөлөк пулдар жашоо минимумунан кем болбошу керек деген жобо киргизгенин белгиледи. Президент мамлекет тышкы карызды элге оорчулук келтирбей төлөөгө дарамети жетерин айтты.

Соцфонддун былтыр 1-ноябрдагы эсебине ылайык, Кыргызстанда 764 миң пенсионер бар. Алардын 400ү 50 миң сомдон көп пенсия алат. Ал эми эң аз пенсия 1800-2000 сомду түзөт. Учурда Кыргызстанда пенсиянын орточо көлөмү 9300 сом.

Улуттук статистика комитетинин маалыматында, 2023-жылы Кыргызстанда пенсия курагындагылардын жашоо минимуму 6878 сом деп эсептелген.

Буга чейин Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Адахан Мадумаров өкмөт Конституциядагы жашоо минимуму боюнча норманы аткарбай жатканын айтып, Министрлер кабинетин сындап келген.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров социалдык төлөмдөрдүн жашоо минимумуна жетпей жаткан себебин өкмөттүн алына, өлкөдөгү экономикалык шартка байланыштырган. Конституциядагы бул норма боюнча Министрлер кабинети Конституциялык сотко кайрылган.

Конституциялык сот Баш мыйзамдагы “пенсия, жөлөк пул жашоо минимумунан төмөн болбошу керек” деген беренени - бул талапты мамлекет милдеттүү түрдө аткарбайт, ал максат деп чечмелеп берген. (TSh)

XS
SM
MD
LG