Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:40

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 млрд метр кубдан ашты


Токтогул суу сактагычы. (архив)
Токтогул суу сактагычы. (архив)

22-майга карата Токтогул суу сактагычына 9 млрд 019 млн метр куб суу топтолду. Бул тууралуу "Электр станциялары" мамлекеттик ишканасы маалымдады. Ага ылайык, бүгүнкү күнү суу чөйчөккө секунд сайын 1594 метр куб суу агып кирсе, 144 метр куб суу агып чыгууда.

Бир жыл мурда ушул күнү суу сактагычта 8,3 млрд метр куб суу бар болчу.

Быйыл марттын башында Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7,5 млрд метр кубга чейин төмөндөгөн. Өкмөт электр энергиясын берүүнү бир нече күнгө чектеп, керектөө лимитин төмөндөткөн.

Токтогул суу сактагычына 19 млрд метр кубдан ашуун суу батат. Мындай көлөмдөгү суу акыркы жолу 2010-жылы чогулган. Суу сактагыч Нарын дарыясына курулган. Ага башка да бир катар – Көкөмерен, Чычкан, Узун-Акмат, Таркент жана башка дарыялар куят.

Электр энергиясынын баасы былтыр 1-июнда көтөрүлгөн. Өкмөт тариф жыл сайын инфляциянын ченемине жараша өсүп турарын билдирген. Ага ылайык, быйыл 1-майдан тарта баалар дагы кымбаттап, айына 700 киловатт/саатка чейин электр жарыгын керектегендер жана бийик тоолуу жана алыскы аймактарда жашагандар үчүн 11 тыйынга, андан көп жаккандарга 23 тыйынга өстү. Электр кубатын чектөөсүз пайдалангандарга бир киловатт/саат электр энергиясы 35 тыйынга кымбаттады.(ZKo)

XS
SM
MD
LG