Жээнбеков “кемпирабадчылардын” адвокаттарына басым болуп жатканын айтты

Равшан Жээнбеков БШКнын алдында. 2023-жылдын 26-апрели.

Кемпир-Абад иши боюнча Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков ушул иш боюнча айып тагылгандардын адвокаттарына басым-кысым болуп жатканын билдирди. Бул тууралуу саясатчынын абактан жазган каты Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

Катта адвокаттар Эркин Булекбаев, Эркин Саданбеков, Акин Токталиев, Жаныш Бараков, Акынбек Абазбеков, Асел Аргымбаева, Чынара Жакупбекова, Бакытбек Автандил уулу, Рабига Садыкова, Кантемир Турдалиев, Акынбек Ногоев жана Мунарбек Супаттаевге Кемпир-Абад ишин карап жаткан судья Марат Сыдыков жана укук коргоо органдары басым кылып жатканы айтылат.

Ушундан улам Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) адам укуктары боюнча жогорку комиссарына, Европа Кеңешинин, АКШнын, Улуу Британиянын, Франциянын, Германиянын Кыргызстандагы элчилерине, эл аралык жана жергиликтүү укук коргоо уюмдары менен жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылуу кылышкан:

“Марат Сыдыков белгилүү адвокат Акин Токталиевди “адвокаттык лицензиясы жараксыз” деген жалган маалыматка таянып сотко катышууга тыю салды. Адвокаттар Эркин Булекбаевдин, Акынбек Абазбековдун, Эркин Саданбековдун адвокаттык лицензияларын эч кандай негизсиз, чакыртып алуу боюнча Юстиция министрлигине кайрылды жана ушул жол менен башка адвокаттарды коркутууда”, - деп айтылат кайрылууда.

Бул маалымат боюнча Бишкектин Биринчи Май райондук соту азырынча комментарий бере элек.

21-майда Юстиция министрлиги 976 адвокаттын лицензиясы токтотуларын билдирген. Лицензиядан ажыратыла турган адвокаттардын ичинде Кемпир-Абад иши боюнча айып коюлган саясатчы Кубанычбек Кадыровдун адвокаты Акин Токталиев да бар.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен сегиз киши тергөө абагында калды. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган. Соттук жараяндар жабык өтүүдө. Айыпталып жаткандар аны ачык өткөрүү талабын коюп келишет. (BTo)

Дагы караңыз

Өкмөт чет элдиктерге кол көтөргөндөрдү тарбиялай турганын айтты“Kloop” порталы эл аралык Free Media Pioneer award сыйлыгын алдыПрезидент пенсия боюнча Конституциядагы норма аткарыларын айтты Миграциядан улам 80 миң бала жакындарынын колунда тарбиялануудаТоктогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 млрд метр кубдан аштыБишкекте чет элдиктерди сабаган деген шек менен эки адам кармалды